Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановдун 2025-жылдагы аткарылган иштер боюнча отчеттук жыйыны өткөрүлдү.

Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досанов 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу, райондук мекеме иш-кана жетекчилери жана Молдо Нияз айыл аймагынын тургундарына отчёт берип,жыйын өткөрдү.
Жыйында 2025-жыл ичинде айыл аймагында аткарылган иштер, социалдык экономикалык өнүгүү, инфратүзүмдү жакшыртуу, жолдорду оңдоо, социалдык колдоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы жетишкендиктер тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле, тургундар тарабынан маселелер угулуп,тиешелүү жетекчилер тарабынан жооптор берилди. Алдыдагы 2026-жылга карата пландар, приоритеттүү багыттар жана эл менен тыгыз иш алып баруу маселелери талкууланды.

Comments are closed.