Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII -чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМУ
№01-07/6
Алга айылы 30-март 2026-жыл.
Молдо Нияз айыл аймагын өнүктүрүү, калктын коопсуздугун камсыз кылуу социалдык шарттарын жакшыртуу максатында, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Кыштак жана Совет айылдарына социалдык жана коомдук маанидеги обьекттерди куруу үчүн жер аянттары төмөнкү максаттарга бөлүнсүн.
- 0,50га – Кыргыз-Кыштак айылына өрт өчүрүүчү бөлүмдүн имаратын куруу үчүн;
- 0,25га –Кыргыз-Кыштак айылына спорт зал куруу үчүн;
- 0,10га –Кыргыз-Кыштак айылына ички иштер бөлүмүнүн имаратын куруу үчүн;
- 0,10га –Совет айылына ички иштер бөлүмүнүн имаратын куруу үчүн.
- Жогоруда көрсөтүлгөн обьекттерди куруу үчүн жер аянттары белгиленген тартипте бөлүнсүн.
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү кызматтарга жер тилкелерин мыйзамдуу тартипте каттоо жана курулуш иштерин уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу , муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К.Салиев

