Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылында Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досанов жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрдү. Жыйында 2025-жылы аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат берилип, ошондой эле 2026-жылга пландалган иштер тууралуу айтылды.
Айыл тургундары өз сунуш-пикирлерин айтып, тиешелүү суроолорго жооп алышты.
Мындан тышкары, 2026-жылдын башталышы менен Кыргыз-Кыштак айылындагы ооруканада жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана ички арыктарды тазалоо иштери жеринде каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

