Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
Токтом № 01-07/71
2025-жылдын 15-декабры Алга айылы
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Умай-Эне айылындагы “М. Миталипов” атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон
өткөрүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Умай-Эне айылындагы “М. Миталипов” атындагы орто мектебинин имаратынын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин үлүштук дем берүүчү гранты аркылуу каржылоого даярдалган долбоору сунушталып жаткандыгы тууралуу Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн сунушу туруктуу комиссия тарабынан каралып, талкуулангандыгын эске алуу менен, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин үлүштук дем берүүчү гранты аркылуу каржылоого сунушталып жаткан Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Умай-Эне айылындагы “М.Миталипов” атындагы негизги билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча жалпы 4 024 769 (төрт миллион жыйырма торт миң жети жүз алтымыш тогуз) сомдук долбоору бекитилсин.
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Умай-Эне айылындагы “М. Миталипов” атындагы негизги билим берүү мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоордо көрсөтүлгөн сумманын 90 % түзгөн 3 742 769 (үч миллион жети жүз кырк эки миң жети жүз алтымыш тогуз) сому Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен суралсын, ал эми Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 10 % түзгөн 402 427 (төрт жүз эки миң төрт жүз жыйырма жети) сому Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылгы бюджетинин эсебинен ажыратып берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу,оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М.Досановго милдеттендирилсин.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлөдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И. К. Салиев

