Токтом № 01-07/70 Молдо Нияз айыл аймагынын “Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” атындагы орто мектебинин аймагындагы имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү” жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы

Токтом  № 01-07/70                          

2025-жылдын 15-декабры                                                                                                                                                                                                                                                                     Алга айылы 

 

Молдо Нияз айыл аймагынын  “Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” атындагы орто мектебинин аймагындагы эски башталгыч класстарды окутуу боюнча имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү” жөнүндө

 

              Молдо Нияз айыл аймагынын  “Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” атындагы орто мектебинин аймагындагы эски башталгыч класстарды окутуу боюнча имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү” боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин үлүштук дем берүүчү гранты аркылуу каржылоого даярдалган долбоору сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушу угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши  токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин үлүштук дем берүүчү гранты аркылуу каржылоого сунушталып жаткан Молдо Нияз айыл аймагынын “Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” атындагы орто мектебинин аймагындагы эски башталгыч класстарды окутуу боюнча имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү” боюнча жалпы 6036459 (алты миллион отуз алты миң төрт жүз элүү тогуз) сомдук  долбоору  бекитилсин.
  2. Молдо Нияз айыл аймагынын “Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” атындагы орто мектебинин аймагындагы эски башталгыч класстарды окутуу боюнча имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүү” долбоордо көрсөтүлгөн сумманын 82,6% түзгөн 4 986 459 (төрт миллион төрт жүз сексен алты миң төрт жүз элүү тогуз) сому Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен суралсын, ал эми  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 17,4% түзгөн 1050000 (бир миллион элүү миң) сому  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2026-жылгы  бюджетинин эсебинен ажыратып берилсин.
  3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу,оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Х.М.Досановго милдеттендирилсин.
  4. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  5. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлөдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                      И. К. Салиев 

Comments are closed.