Токтом № 01-07/67 Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы № 21 Кан орто мектебинин ашканасынын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы

Токтом  № 01-07/67                         

2025-жылдын 15-декабры                                                                                                                                                                                                                         Алга айылы 

 

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы № 21 Кан орто мектебинин  ашканасынын  капиталдык оңдоодон

өткөрүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы № 21 Кан орто мектебинин  ашканасынын  капиталдык оңдоодон өткөрүү Кыргыз Республикасынын Улуштук дем берүүчү грантына даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушу туруктуу комиссиясында каралып, корутундусун угуп жана талкуулап Молдо Нияз аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы №21 Кан орто мектебинин  ашканасынын  капиталдык оңдоодон өткөрүү КР улуштук дем берүүчү гранты  менен каржыланып жаткан долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 213310(эки жүз он үч мин үч жүз он)сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
  2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана ондоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  3. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенешинин Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                          И. К. Салиев

 

 

Comments are closed.