Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
Токтом № 01-07/66
2025-жылдын 15-декабры Алга айылы
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Родничок –Кан” балдар бакчасынын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Родничок-Кан ”балдар бакчасынын капиталдык оңдоого Кыргыз Республикасынын Улуштук дем берүүчү грантына даярдалган долбоор сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылындагы “Родничок-Кан” капиталдык оңдоодон КР улуштук дем берүүчү гранты менен каржыланып жаткан долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 184988(бир жүз сексен төрт мин тогуз жуз сексен сегиз)сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
- Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлунгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенешинин Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И. К. Салиев

