МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-январы № 01-07/3
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Родничок” балдар бакчасынын аталышын “Ай-Чырак” деп өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Родничок” балдар бакчасынын ысымын “Ай-Чырак” ысымына өзгөртүү жөнүндөгү “Родничок” балдар бакчасынын жетекчиси К.Жураеванын сунушу туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алуу менен, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу караштуу Совет айылындагы “Родничок-Кан” балдар бакчасынын аталышын “Ай-Чырак” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Бала бакчанын аталышы жаңылангандан кийинки чыгымдар, тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте документтерди даярдап, каттоодон өткөрүү Бала бакчанын жетекчисине милдеттендирилсин.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И. К. Салиев

