Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
Алга айылы 12.08.2025-жыл.
ТОКТОМ №01-07/43
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык автоунаасы жөнүндө
Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары үчүн кызматтык автотранспорт каражаттарын лизингге сатып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 633-т тескемесин аткарууга алуу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары үчүн кызматтык автотранспорт каражаттарын лизингге сатып алуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы № 633-т тескемесине негиз Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн “Шевроле Треккер” маркасындагы автоунаасын сатып алууга уруксат берилсин.
- Сатып алынган автотранспорт каражаты үчүн лизинг келишимине негиз түзүлгөн графикке негиз, төлөмдөрдүн төлөнүүсүн камсыздоо үчүн келерки 5 жылдык мөөнөт ичинде Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинде керектүү каражаттарды кароо жагы белгиленсин.
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго тескемеге ылайык автотранспорт каражатын лизинг шарттары менен сатып алуу жана сатып алынган автотранспорт каражаты үчүн лизинг келишимине негиз түзүлгөн графикке негиз төлөмдөрдүн төлөнүүсүн камсыздоо боюнча керектүү жумуштарды жүргүзүү жагы тапшырылсын.
- Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго тапшырылсын.
- Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешнин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: И.К. Салиев