Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/52
Алга айылы 12.08.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагындагы аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана чек арага жакын жайгашкан айылдарда жашаган ваучер алуучу балдардын күнүмдүк тамак-ашына жумшалуучуакча каражатынын наркын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы №693 “Калктын социалдык аялуу катмарындагы аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” токтомуна ылайык, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагындагы аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөн чыккан, жетүүгө кыйын, бийик тоолуу жана чек арага жакын жайгашкан айылдарда жашаган ваучер алуучулардын күнүмдүк тамак-ашына жумшалуучу акча каражатынын наркы 36 (отуз алты)сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: И.К. Салиев