Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/49
Алга айылы 12.08.2025-жыл
Жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн техникаларды лизинг негизинде сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына таянып жана Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-августундагы №293 сандуу сунушу Молдо Нияз айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясында каралып, жергиликтүү жолдордун абалы айылдын тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болуусу зарыл экенин эсепке алып, Молдо Нияз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагындагы жолдорду оңдоо жана тейлөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында, керектүү техника жана жабдууларды лизинг негизинде сатып алууга макулдук берилсин.
- Сатып алынган автотранспорт каражаты үчүн лизинг келишимине негиз түзүлгөн графикке негиз, төлөмдөрдүн төлөнүүсүн камсыздоо үчүн келерки 5 жылдык мөөнөт ичинде Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинде керектүү каражаттарды кароо жагы белгиленсин.
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго тескемеге ылайык автотранспорт каражатын лизинг шарттары менен сатып алуу жана сатып алынган автотранспорт каражаты үчүн лизинг келишимине негиз түзүлгөн графикке негиз төлөмдөрдүн төлөнүүсүн камсыздоо боюнча керектүү жумуштарды жүргүзүү жагы тапшырылсын.
- Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыздоо Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго тапшырылсын.
- Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешнин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: И.К. Салиев