Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/48

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезектеги   6-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/48

                                   Алга айылы                                                                                                                                                                        12.08.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылынын Даш участогундагы башкы план боюнча жер аянттарын

өзгөртүү жөнүндө

                Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына, ошондой эле Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылынын Даш участогунун башкы планын тактоо, жерлерди максаттуу пайдаланууну жана муниципалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыздоо максатында, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-августундагы №293 сандуу сунушу Молдо Нияз айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясында каралып, талкууланып, айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылынын Даш участогунда жайгашкан төмөнкү жерлердин аянты башкы планга ылайык өзгөртүлсүн:
    • Өрнөк орто мектеби үчүн каралган жер аянты 1,40 га болуп өзгөрүлсүн.
    • Эс алуу багы (сквер) үчүн каралган жер аянты 1,10 га болуп өзгөрүлсүн
  2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, тиешелүү жер аянттарын каттоо, документтештирүү жана тиешелүү органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

            Төрага:                                                                                                                    И.К. Салиев

 

 

Comments are closed.