Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/47
Алга айылы 12.08.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагындагы бош имараттар жана жер тилкелерин ижарага берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагындагы бош турган имараттар менен жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануу, жеке ишкерликти өнүктүрүү жана калктын социалдык муктаждыктарын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына таянып, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 11-августундагы №293 сандуу сунушу Молдо Нияз айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясында талкууланып, Молдо Нияз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагындагы бош турган имараттар жана жер тилкелери көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланган сумма боюнча 20 жылдык мөөнөткө төмөнкүдөй шарттарда ижарага берилсин:
- Кыргыз-Кыштак айылындагы эски айыл өкмөтүнүн имараты бала бакча багытында пайдалануу үчүн ишке киргенге чейин жылына он миң (10 000) сом өлчөмүндө, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Советский айылынын Мира көчөсүндөгү 160,55 м² жер аянты ишке киргенге чейин жылына жыйырма төрт миң (24 000) сом өлчөмүндө ижара акы төлөө менен, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн алдынан 0,01 га жер аянты тиш дарылоо (стоматология) борборун куруу үчүн ишке киргенге чейин жылына эки миң (2 000) сом өлчөмүндө бааланып, жеңил типтеги курулуш куруу шарты менен, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн кеңсесинин арт жагындагы 0,01 га жер аянты ашкана (столовая) куруу үчүн ишке киргенге чейин жылына үч миң (3 000) сом өлчөмүндө бааланып, жеңил типтеги курулуш куруу шарты менен, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Даш участкасынан А.Юзбаевден өткөн 1,50 га жер аянтынын ичинен 0,40 га бөлүгү мектеп куруу үчүн ишке киргенге чейин жылына отуз алты миң (36 000) сом өлчөмүндө бааланып, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Кайтпас айылындагы автоунаа калонасы жана трактордук парк жайгашкан жер аянты 1 м² үчүн жылына он эки (12) сомдон бааланып, инвесторлорду жана жеке ишкерлерди колдоо максатында, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы (Промзона) жеринен 2,0 га аянт тоок кана куруу үчүн ишке киргенге чейин жылына жыйырма миң (20 000) сом өлчөмүндө бааланып, жеңил типтеги курулуш куруу шарты менен, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Ошол эле Промзона аймагынан 4,0 га жер аянты муздаткыч (холодильник) куруу үчүн ишке киргенге чейин жылына кырк миң (40 000) сом өлчөмүндө бааланып, жеңил типтеги курулуш куруу шарты менен, 20 жылдык мөөнөт менен;
- Алга айылындагы эски төрөт үйү тигүү цехи катары пайдалануу үчүн ишке киргенге чейин жылына беш миң (5 000) сом өлчөмүндө бааланып, 20 жылдык мөөнөт менен.
- Жогоруда көрсөтүлгөн имараттар жана жер тилкелери пайдаланууга берилгенден кийин, ижара акысы инфляцияны эске алуу менен көз карандысыз баалоонун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин чечими аркылуу өзгөртүлсүн.
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: И.К. Салиев