2025-жыл 9-октябрь № 01-07/65 Алга айылы
Молдо Нияз айыл аймагынын ичуучу таза суу түтүктѳрүнѳ кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан кездеги ѳздүк салымы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз-Кыштак жана Умай –Эне айылдарынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколуна, Кыргыз-Кыштак жана Умай –Эне айылдарында түзүлгөн суу комитетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы отурумунун жыйынтыгына жана «Молдо Нияз» муниципалдык ишканасынын сунушуна ылайык, маселени угуп жана талкуулагандан кийин Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Молдо-Нияз” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1-тиркеме)
- Кыргыз-Кыштак жана Умай –Эне айылдарындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери №2-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. (№2-тиркеме)
- Кыргыз-Кыштак жана Умай –Эне айылдарынын ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан мезгилдеги элдик салымы Молдо-Нияз айыл аймагындагы элдердин үй-чарбаларына таза сууну киргизүү, кошуу тартиби бекитилсин (1 беттен турган № 3-тиркеме тиркелет).
- “Молдо-Нияз” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган, абоненттерге бериле турган Абоненттик китепче жана анын ичиндеги кѳрсѳтүлгѳн: Келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чиймеси менен, айылды ичуучу таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичуучу таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин. (№ 4 Абоненттик китепче тиркелет)
- “Молдо-Нияз” Муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин абоненттерге кызмат көрсөтүү акылары тиркеме ылайык бекитилсин. (№5-тиркеме)
- Молдо-Нияз айыл аймагындагы Таза-Суу ишканасынын абоненттери ичуучу таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар бектилсин. (2 беттен турган № 6 тиркеме тиркелет)
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо-Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досановго жана “Молдо-Нияз” МИнын жетекчиси А. А. Кайыркуловго жүктөлсүн.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: И.К. Салиев
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/65
токтомуна тиркеме №1
|
“Молдо-Нияз” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары |
||||||||
| № | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү | |||||
| 1 | Абонентти суу түтүгүнө туташтыруу: | 600 | Долбоор мезгилинде түзүлгөн сантехникалык топ тарабынан жүргүзүлөт | |||||
| а) Байлоочу камыт, туташтыруучу тетик, чөпик ж.б. керектелүүчү буюмдар | ||||||||
| б) Абонентке тийешелүү ПЭ түтүктөрүн тартуу, кудукту тешүү, кудуктун ичиндеги трубаларды жайгаштыруу | ||||||||
| 2 | Транспорттук чыгымдар (унаа, күйүүчү май, айдоочунун маянасы ичинде) | 0 | Айыл башчы, суу комитети, МИ тарабынан уюштурулат | |||||
| 3 | Абоненттик китепче даярдоо (келишим, суу эрежелери, тех. шарттар, ситуациялык чийме, кеңсе чыгымдары) | 250 | МИ тарабынан даярдалат жана эсеп чотуна которулат | |||||
| 4 | Капиталдык салым | 0 | Бул каражат МИ эсеп чотуна которулат | |||||
| 5 | Баардыгы | 850 | ||||||
|
Эскертуу: Урматтуу Кыргыз-Кыштак жана Умай –Эне айылдарынын жашоочулары! Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн суммалар абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу мезгилинде жумушчу топтун мүчөлөрүнө төлөнөт (казуу көмүү учурунда экскаватор кызматы өзгөрүлүшү мүмкүн). |
||||||||
| № | Кызматтын аталышы | бирдиги | өлчөмү | сом | эскертуу | |||
| 1 | Экскаватор кызматы (казуу, көмүү) | метр | 1 | 110 | Казылган жана көмүлгөн метрине жараша төлөнөт | |||
| 2 | Түтүктөрдү сатып алуу (сапар чыгымдары менен бирдикте) | метр | 1 | 27 | Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык | |||
| 3 | Суу эсептегич (сапардык чыгымдар) кошо эсептелет | даана | 1 | 1000 | Жумушчу топ тарабынан аткарылат | |||
| 4 | Филтрь орнотуу | даана | 1 | 150 | ||||
| 5 | Гусак орнотуу | даана | 1 | 150 | ||||
| 6 | Муфта переходник хамут орнотуу | даана | 1 | 200 | ||||
| 7 | Суу эсептегич орнотуу | даана | 1 | 300 | ||||
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/65
токтомуна тиркеме №2
Кыргыз-Кыштак жана Умай –Эне айылдарындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөтүнүн иш-аракеттери
Абоненттерди негизги суу түтүккө туташтыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топко төмөнкү иш-аракеттер жүктөлсүн:
- Абоненттерди негизги түтүккө сапаттуу туташтыруу;
- Түтүктөрдү сапаттуу көмүү (курулуш нормаларын кармоо);
- Өздүк салымды максаттуу пайдалануу
- Жумушчу топ өздору жасаган иштерине 6 айга кепилдик беришет.
- Долбоор аяктаганда өздүк салым боюнча суу комитетине отчет берүү.
Суу комитетин мүчөлөрү төмөндөгү иштерди камсыз кылсын:
- Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга жардамдашуу;
- Сертификациясы бар түтүктөрдү сатып алууга көмөк көрсөтүү;
- Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдө кызматташуу;
- Өздүк салымды суу комитети топтоо жана МИга тиешелуу акча каражаттарын эсеп чотуна которуу, долбоор бүткөндө төрагасы элге отчет берүүнү;
МИ төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- Абоненттик китепчелерди даярдоо;
- Келишим;
- Суу пайдалануу эрежелери;
- Техникалык шарттар (ситуациялык схема менен);
- Абонентти негизги түтүккө кошуу учурун толук көзөмөлдойт жана анын сапатына жооп берүү;
- Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга;
- Сертификациясы бар түтүктөрдү сатып алууга;
- Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдө кызматташуу жагын.
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/65
токтомуна тиркеме № 3
Абоненттерди негизги ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошуу тартиби:
- Негизги ичүүчү таза суу түтүгүндө жайгашкан кудуктан баштап, абоненттин үйүнө киргенге чейинки аралыктагы ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсү ташталуучу чуңкурдун терендиги 0,70 метрден кем болбоосу зарыл (абоненттер суу түтүгүн үйүнө чейин алып кирүүсү шарт, себеби кыштын суук күндөрү тоңуп калуусу күтүлөт).
- Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосунун сапаты сертификацияланган, сапаты жакшы, ички диаметри 15 мм болуусу шарт.
- Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсүн көмүү учурунда, анын алдынкы тарабына 10 см жана жогорку тарабына 20 см.ден кем эмес жумшак топурак же майда кум тошолуусу абзел.
- Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө туташтырганга чейин ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсүнүн эки жагындагы уучтары жабык болуп (заглушка) турушу шарт.
- Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө кошулуу учурундагы: экскаватор менен казуу, көмүү, ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсү жана ага кетүүчү каражаттар абоненттин өз эсебинен жүргүзүлөт.
- Аткарыла турган жумуштардын баары “Молдо-Нияз” муниципиалдык ишканасынын көзөмөлүндө болсун жана абоненттердин ичүүчү таза суу түтүгүнө кошуу жагы түзүлгөн жумушчу топко жүктөлсүн.
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/65
токтомуна тиркеме № 5
“Молдо-Нияз” Муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин абоненттерге кызмат көрсөтүү акылары
| № | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү |
| 1 | Ичүүчү таза суу түтүгүно жаны кошула турган абоненттерди туташтыруу
|
7000 | Бул сумма “Молдо-Нияз” МИге взнос катары эсептелинет жана абонентке: Абоненттик китепче (эрежелери менен), келишим, техникалык шарт, ситуациялык чийме берилет. |
| 2 | Суу эсептегич | 100% | Негизги ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудукчаларга суу эсептгич орнотуу – суу эсептегичтин 100% суммасы абонент тарабынан төлөнөт жана “Молдо-Нияз” МИнин макулдашуусу менен сатып алынат. |
| 3 | Негизги ичүүчү таза суу системасына кошулуу учун, абоненттин үйүнүн ичинен тартып – ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудуктун ичине чейинки казуу, көмүү иштери жана ичүүчү таза суу түтүктөрү | 100% | Абоненттин өз каражатынан төлөнөт жана “Молдо-Нияз” МИнин кызматкерлеринин көзөмөлү алдында ишке ашырылат. |
| 4 | -Вентил алмаштыруу;
– Гусак орнотуп берүү; -Муфта переходник алмаштыруу; Абоненттин трубасын алмаштырып берүү; |
250
150 100
1 м -700 |
Кетүүчү тетиктерди, каражаттарды абонент өз эсебинен жүргүзөт. Кызматты негизги ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудуктардан тышкаркы учурда “Молдо-Нияз” МИнин кызматкерлери же башка сантехниктер аткарууга болот, бирок ишкананын көзөмөлүндө (абонентин өз ыктыяры), казып көмүү иштерин абонент өзү жүргүзөт (түтүктүн алдына 10 см, устуно 20 см жумшак топурак алып келип төшөөнү ишкана алып барат) |
| 5 | Кудук ичиндеги суу эсептегич, вентиль, фильтр жана башка каражаттарды алмаштыруу (бир чакыруусу) | 200
|
Кетүүчү тетиктерди, каражаттарды абоненттин эсебинен алынат жана кудук ичиндеги жумуштарды “Молдо-Нияз” МИнин кызматкерлери тарабынан алмаштырылат. |
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/65
токтомуна тиркеме № 6
«Молдо-Нияз» муниципалдык ишканасынын абоненттери ичүүчү таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар
| № | Бузуулардын аталышы | Жеке адам | Юридикалык жак | Эскертүү |
| 1 | Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүнө уруксатсыз туташу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 1201-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу |
| 2 | Суу алгычка (Скважинага), суу сактагычка (резервуарга) уруксатсыз туташуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу |
| 3 | Суу алгычтын (Скважинанын ж.б.), суу сактагычтын (Резервуар) бүтүндүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
| 4 | «Молдо-Нияз» МИнин кызматкерлери болбогон учурда суу алгычта (скважинада), суу сактагычта (резервуарда) ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
| 5 | Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ичүүчү таза сууну өчүрүү | 500 сом | 1000 сом | 1 жолу |
| 6 | Карызды төлөгөндөн кийин ичүүчү сууну туташтыруу | 200 сом | 400 сом | 1 жолу |
| 7 | Кудуктун бүтүндүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Кудукту калыбына келтирет |
| 8 | Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Толук калыбына келтирүү, жумуштарды толук төлөө |
| 9 | Суу алуучу (скважина) жана суу сактоочу кампалардын (резервуардын) аймагына мал жаю (шарттуу 1 малдын башы менен) | 75 эсептик көрсөткүч | 230 эсептик көрсөткүч | 269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу |
| 10 | Кудукту сугат суу менен каптатуу | 75 эсептик көрсөткүч | 230 эсептик көрсөткүч | 269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу. Толук калыбына келтирет |
| 11 | Абонентин күнөөсү менен счетчиктерди тоңдүруу жана иштен чыгаруу, шарттуу ар бир суу эсептегичке | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Кудуктун ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
| 12 | Кудукка уруксатсыз тушуу, ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү | 55 эсептелген көрсөткүч | 170 эсептелген көрсөткүч | 118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу. Кудуктун ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |

