2025-жыл 9-октябрь № 01-07/64 Алга айылы
Молдо Нияз айыл аймагындагы спорт залдар, спорт аянтчалары жана бош турган имараттарды ижарага берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагындагы спорт залдар жана спорт аянтчалар, ошондой эле бош турган имараттарды натыйжалуу пайдалануу максатында жана көз карандысыз баалоочунун корутундусунун негизинде20 жылдык мөөнөткө ижарага берүү боюнча Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-октябрындагы № 250 сандуу сунушу Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 8-сессиясында угулуп жана талкууланып, Молдо Нияз айылдык кеңеши токтом кылат:
- Молдо Нияз айыл аймагындагы спорт залдар жана спорт аянтчалары, ошондой эле бош турган имараттар көз карандысыз баалоочу тарабынан бааланган корутундунун негизинде, 20 жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр ижарага берилсин:
- Алга айылындагы “Күрөш залы” — 20 жылдык мөөнөткө;
- Алга айылындагы спорт аянтчасы — 20 жылдык мөөнөткө;
- Кайтпас айылындагы спорт зал — 20 жылдык мөөнөткө;
- Кайтпас айылындагы спорт аянтчасы 20 жылдык мөөнөткө;
- Кыргыз-Кыштак айылындагы спорт аянтчасы — 20 жылдык мөөнөткө;
- Кайтпас айылындагы муниципалдык менчикке катталган үй — 20 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
- Жогоруда көрсөтүлгөн имараттарды пайдаланууга берилгенден кийин, ижара акысы инфляцияны эске алуу менен көз карандысыз баалоонун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештин чечими аркылуу өзгөртүлсүн.
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын
- Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев

