Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзуна мүчөлүк акысы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзуна төлөнүүчү мүчөлүк акысы 2026-жылдын 1-январынан тартып Молдо Нияз айыл аймагында жашап жаткан ар бир жаран үчүн 4 (төрт) сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Мүчөлүк акыларды 2026-жылдын бюджети эсебинен мыйзам чегинде чегерүү жана башка аракеттерди жүргүзүү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев

