Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/45
Алга айылы 12.08.2025-жыл
Муниципалдык ишкананын 6 ай аралыгында аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына таянып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши 2025- жылдын 12-августунда өткөрүлгөн сессиясында муниципалдык ишкананын жетекчиси А. Кайыркуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Муниципалдык ишкананын 6 ай аралыгында аткарган иштери боюнча Молдо Нияз муниципалдык ишканасынын жетекчи А. Кайыркуловдун маалыматы эске алынсын.
- Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында төмөнкүдөй сунуштар кабыл алынсын:
- айыл аймактагы бардык айылдар менен кызмат көрсөтүү жана кызмат алуу боюнча келишимдер түзүлсүн;
- ишкананын каржы булактары жана чыгымдары боюнча айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңешине квартал сайын отчет берилсин;
- кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана калктын муктаждыктарын ыкчам аткаруу боюнча чаралар көрүлсүн.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: И. К. Салиев