Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/44

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   6-сессиясы

 ТОКТОМ № 01-07/44

                              Алга айылы                                                                                                                                                                                                          12.08.2025-жыл

                 Молдо Нияз айыл аймагынын Кайтпас айылындагы спорт залына спорттук эмеректер жана жабдуулар менен камсыз кылуу максатында Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө

                Молдо Нияз айыл аймагынын Кайтпас айылындагы спорт залга спорт эмеректери жана жабдуулар сатып алуу үчүн Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган   долбоорду   сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелөөчү  топтун билдирүүсүн  угуп жана  талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын Кайтпас айылындагы спортзалга спорт эмеректери жана жабдуулар сатып алуу үчүн даярдалган  733000 (жети жүз отуз үч  миң) сомдук долбоор бекитилсин.
  2. Молдо Нияз айыл аймагынын Кайтпас айылындагы спортзалга спорт эмеректери жана жабдуулар сатып алуу үчүн сунушталып жаткан долбоорго 712500 (жети жүз он эки миң беш жүз) сом Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын, ал эми айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 20500  (жыйырма миң беш жүз) сому Молдо Нияз  айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджети эсебинен ажыратып берилсин.
  3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана каражатты максаттуу пайдалануу жана эмерек жана жабдууларды сатып алуу иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М.Досановго милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу  комиссиясына боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

          Төрага:                                                                                                                                        И.К. Салиев.

 

Comments are closed.