Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/39
Алга айылы 02.06.2025-жыл
БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасына (ВППООН) сунушталган долбоорлорго айыл өкмөттүн салымы катары 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн демилгеси менен БУУнун Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасы (ВППООН) аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорго байланыштуу, айыл өкмөттүн өздүк салымын камсыз кылуу максатындагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановдун жана башкы адиси А. Назаровдун сунушун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Бюджеттик кодекс” мыйзамдарына таянып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- ВППООНго сунушталган долбоорлорду ишке ашырууда Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн салымы катары 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
- Бул каражат ВППООН менен биргеликте ишке ашырылуучу инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорго багытталсын.
- Тийиштүү сметалык эсеп-кысаптарды жана төлөм документтерин даярдоо, каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу, ишке ашырылган иштер тууралуу айылдык кеңешке үзгүлтүксүз отчет берүү жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х.М. Досанов) милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага: И. К. Салиев