Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/38

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   5-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/38

Алга айылы                                                                                                     02.06.2025-жыл

Кайтпас жана Кыргыз-Кыштак айылдарынын генералдык планын даярдоого макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Архитектура жана шаар куруу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан  максаттуу  трансферттер эсебинен  берилген  акча каражатын  Кайтпас жана Кыргыз-Кыштак айылдарынын  ырааттуу өнүктүрүү, аймактык пландоону жана инфраструктуралык долбоорлорду туура багытта ишке ашырууда генералдык планын даярдоо максатындагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досановдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кайтпас жана Кыргыз-Кыштак айылдарынын генералдык планын даярдоого макулдук берилсин.

 

  1. Кайтпас жана Кыргыз-Кыштак айылдарынын генералдык планын даярдоо иштерин аткарууда Кыргыз Респбликасынын мыйзамдарга ылайык, долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү, тиешелүү лицензиясы бар адистештирилген уюм менен келишим түзүү жана Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан  максаттуу  трансферттер эсебинен  берилген  акча каражатын  өз багытында чыгымдоо жагы   Молдо Нияз  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө   (Х.М. Досановго) милдеттендирилсин.

 

  1. Генералдык планды иштеп чыгууда калктын пикири, аймактын өзгөчөлүктөрү, экологиялык жана социалдык шарттар эске алынсын жана түзүлгөн генералдык план айылдык кеңештин кароосуна сунушталып, бекитүүгө коюлсун.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                               И. К. Салиев

Жооп калтыруу