Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/35
Алга айылы 02.06.2025-жыл.
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу
Финансы-кредиттик фондунан болгон кредиттик карыз жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенеши күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин бюджет жана экономика комитетинде каралып,талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Хамралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун доосу боюнча “Тилласуу” суудан пайдалануучулар Ассоциациясы менен Молдо Нияз айыл өкмөтүнөн Финансы-кредиттик фонду менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жана “Тилласуу” СПАсынын ортосунда курулуш иштерин каржылоо жана СПАнын курулуш иштеринин 25 пайызын республикалык бюджетке кайтарып берүүбоюнча 2023-жылдын10-мартындагы №41705258861010/01 кредиттик келишиминин №1 тиркемесинде көрсөтүлгөн төлөө графигине негиз 01.2025-жылга карата мөөнөтү өткөн жалпы 2337630 (эки миллион үч жүз отуз жети миң алты жүз отуз) сом өлчомүндөгү карызды төлөө жөнүндөгү 14.03.2025-жылдагы№ГД-16/25-Ба2 сандуу чечимин ыктыярдуу түрдө аткаруу жөнүндөгү Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматынын 28.05.2025-жылдагы №1950/07-82 сунуш каты аткарууга алынсын.
- Азыркы учурда “Тилласуу” СПАсы жоюлуп ирригация тармагы Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын эсебине өткөндүгүнө байланыштуу кредиттик карызды Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен төлөөгө макулдук берилсин жана Молдо Нияз айыл аймагынын 2025-жыл үчүн бекитилген бюджетине тийешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин.
- Мурдаагы “Тилласуу” СПАсынын эсебиндеги мүлк-каражаттардын, суу пайдалануучулардын карыздарынын эсеби такталып, кредиттик карыздын калдыгын мындан ары төлөө боюнча керектүү жумуштарды жүргүзүү жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М.Досановго жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: И.К. Салиев