Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/34

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/34

Алга айылы                                                                                                     20.03.2025-жыл

Билим берүү мекемелеринин китепканасына окуу китептерин алуу үчүн  жергиликтүү бюджет эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча  каражат бөлүп берүү жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин китепканаларын зарыл болгон окуу китептерин камсыздоо үчүн  жергиликтүү бюджет эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча  каражат бөлүп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин китепканаларын окуу китептери менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.

 

  1. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х.М. Досанов) милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик  жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                        И. К. Салиев

Comments are closed.