Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/33

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

ТОКТОМ № 01-07/33

Алга айылы                                                                                                     20.03.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы маданият үйүнүн арка жагындагы жана борбордук стадионунун алдындагы имараттарды аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна негиз, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу муниципалдык менчикте катталган Алга маданият үйүнүн арка жагындагы жана борбордук стадионунун алдындагы имараттарды аукцион аркылуу ижарага берүү жөнундөгу маселени угуп, талкуулап  жана жергиликтүү бюджетке кошумча киреше тартуу максатында,  Молдо Нияз айы аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы маданият үйүнүн арка жагындагы жана борбордук стадионунун алдында жайгашкан, айыл өкмөткө таандык болгон бош турган имараттар аукцион аркылуу ижарага берилсин.

 

  1. Имараттарды ижарага берүү ачык-айкын өткөрүлүүчү аукцион жолу менен жүргүзүлсүн.

 

  1. Аукцион тууралуу маалымат жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана айыл өкмөтүнүн тактасына илинип, аукцион өткөрүү жана ижара шарттарын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлсүн.

 

  1. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х.М. Досанов) милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

Төрага:                                                                                                        И. К. Салиев

Comments are closed.