Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ № 01-07/30
Алга айылы 20.03.2025-жыл
Жаңы-Чек айылындагы турак жай куруу максатында трансформацияга даярдалып жаткан 100 (жүз) гектар жер аянтынын ичинде мурда пайдаланылып келген короо, учурда бузулуп жок болгон 0,30 (нөл бүтүн ондон отуз) гектар жер аянты боюнча акт түзүп, токтом чыгарып берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылындагы трансформация болуп жаткан 100 (жүз) гектар жер аянтынын ичинде мурда пайдаланылып келген короо, учурда бузулуп жок болгон 0,30 (нөл бүтүн ондон отуз) гектар жер аянты боюнча акт түзүп, тиешелүү токтом кабыл алуу маселесин угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылынан, турак жай куруу максатында трансформацияга даярдалып жаткан, жалпы 100 гектар жер аянтынын ичиндеги мурдагы мезгилде пайдаланылып, учурда бузулуп жок болгон, короосу жана так белгилери калган эмес деп табылган 0,30 гектар жер аянты боюнча тиешелүү адистердин жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда жеринде кароо жүргүзүлүп, акт түзүлсүн жана аталган участок трансформациядан чыгарылсын.
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досановго милдеттендирилсин
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага: И. К. Салиев