Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/29

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/29

Алга айылы                                                                                                 20.03.2025-жыл

2023-жылы кабыл алынган мурдагы Алга айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган №86, №54 жана №69 токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 жарлыгынын негизинде, мурдагы Алга, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл өкмөттөрү биригип, Молдо Нияз айыл аймагы болуп аталгандыктан, мурдагы Алга айыл аймагындагы Жаңы-Чек участогунан турак жай курууга 100 гектар жердин программасын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 23-ноябрындагы №86 токтому, Жаңы-Чек айылындагы трансформация болуп жаткан 100 (жүз) гектар жер аянтынын ичинде бузулуп, жок болуп кеткен 0,30 (отуз) га короонун жок экендигине акт түзүп берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 28-майындагы №54 токтому жана Алга айыл аймагынын Жаңы-Чек участкасындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 69 Алга айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Мурдагы Алга айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган, Алга айыл аймагындагы Жаңы-Чек участогунан турак жай курууга 100 гектар жердин программасын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 23-ноябрындагы №86 токтому, Жаңы-Чек айылындагы трансформация болуп жаткан 100 (жүз) гектар жер аянтынын ичинде бузулуп жок болуп кеткен 0,30 (отуз) га короонун жок экендигине акт түзүп берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 28-майындагы №54 токтому жана Алга айыл аймагынын Жаңы-Чек участкасындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитүү жөнүндөгү 2023-жылдын 22-сентябрындагы №69 токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
  2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө жагы,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:                                                                                                И.К. Салиев

Comments are closed.