Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/28

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/28

Алга айылы                                                                                                              20.03.2025-жыл

Шыбран айылындагы көмүр кенин иштетүүчү ОсОО “Генерал Групп” тарабынан айыл аймакка берилүүчү социалдык пакетин кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарына таянып:  жер кодексинин  Долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун пайдалануунун тартиби жөнундөгу 60-61статьяларына  жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майы № 49  “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамына негиз, ОсОО “Генерал групп” тарабынан Шыбран айылындагы көмүр кенин иштетүү боюнча сунушун,  жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын жана социалдык муктаждыктарын эске алып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. ОсОО “Генерал Групп” тарабынан Шыбран айылына спорт залдын курулушуна материалдык жактан көмөк көрсөтсүн жана айыл аймакка 150 даана электр мамычасы алып берилсин.
  2. Айыл аймактын тиешелүү мекемелери жана уюмдары социалдык пакетти ишке ашырууда жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш алып барылсын
  3. Кен иштетүүчү компания тарабынан экологиялык нормалар жана жер казынасын коргоо боюнча мыйзамдары так сакталсын.
  4. Кен иштетүү процесси Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтү жана коомдук комиссия тарабынан көзөмөлгө алынсын.
  5. Социалдык пакеттин негизинде каралган каражаттар жана жардамдар максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу Молдо нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х. М. Досанов) милдеттендирилсин.
  6. Токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

      Төрага:                                                                                                  И. К. Салиев

Comments are closed.