Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/27

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/27

Алга айылы                                                                                                              20.03.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз        4-сессиясына сунушталган Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-мартындагы №7/3 сандуу катына жана айыл аймакта өткөрүлгөн шайлоочулардын жыйындарынын протоколдук чечимине негиз, Молдо Нияз айыл аймагында жайгашкан участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин толуктоо максатындагы маселени карап чыгып, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин. иркеме тиркелет).

 

  1. Бул токтомдун негизинде талапкерлердин тизмеси Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Молдо Нияз айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                        И.К. Салиев

Comments are closed.