Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы ТОКТОМ № 01-07/26

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   4-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/26

Алга айылы                                                                                                              20.03.2025-жыл

Муниципалдык менчикте катталган Алга айылынын Маданият үйүнүн жер тилкесинен 0,01 га жер аянтын тиш дарылоо (стоматология) имаратын куруу максатында ижарага берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна негиз, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу муниципалдык менчикте катталган Алга маданият үйүнүн жер аянтынан 0,01 га жер аянтына тиш дарылоо (стоматология) имаратын куруу үчүн узак мөөнөт менен 29 жылга ижарага берүү маселесин угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна негиз, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга маданият үйүнүн жер тилкесинен 0,01 га жер аянтын узак мөөнөт менен тиш дарылоо (стоматология) имаратын куруу үчүн Абдирахманов Толкунжан Артиковичге  29 жылга ижарага берилсин.

 

  1. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

  1. Токтомду көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                                                    И.К. Салиев

Comments are closed.