Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын
2025-жылдагы 3-сессиясы
Токтом № 01-07/22
Алга айылы 27.02.2025-жыл.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379-380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Молдо Нияз айыл аймагындагы турак жайлар үчүн 2025-2027-жылдарга мүлк салыгын белгилөө жөнүндөгү маселени, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 2025-жылдагы 3-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагындагы турак жайлар үчүн мүлк салыгын 2025-2027-жылдарга эсептөөдө, Салык кодексинин 409-беренесинде көрсөтүлгөндөй, айыл аймагынын калкынын санына жараша мүлк салыгынын турак жайларга салынган эсептөөдө 3 жылга чейин 1 чарчы метрине 6,5 сом өлчөмүндө бекитилсин. (Тиркеме тиркелет 1 баракта.)
- Мүлк салыгын төлөө тууралуу маалыматты элге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго тапшырылсын.
- Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев
Тиркеме
Молдо Нияз айылдык кеңешинин 2025-жылдагы
3-сессиясынын № 01-07/22 токтомуна
Материалы жана дубалы | Пайдаланылган күнү | Базалык салыктык баасы (сом)
|
Кирпич, бетон песко блок, пеноблок, стекло сэндвич | 5 жылга чейин | 6,5 |
5-15 | 6 | |
15-30 | 5,5 | |
30-45 | 5 | |
45 жылдан жогору | 4 | |
Саман гуваляк сокмо |
До 5 -лет | 4,5 |
5-15 | 4 | |
15 -30 | 3,5 | |
30-45 | 2,5 | |
45 жылдан жогору | 2 | |
Металл |
Бардык курулган жылдарына |
4 |
Ар түрдүү материалдар убактылуу курулмаларга | Бардык курулган жылдарына | 3,5 |
Орто БНС | 4 |
Жооптуу катчы: Мамарасул кызы Д