Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы Токтом № 01-07/6

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы

Токтом  № 01-07/6                      

Алга айылы                                                                                      20.01.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы эски бала бакчанын  0,51 га  жер  аянтын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчигине каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 мыйзамынын 6-беренесине ылайык,  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  17.01.2025-жылдагы №18 чыгышталган  сунушун, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 20.01.2025-жылдагы 8-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясында угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак  айылындагы  эски бала бакчанын 0,51 га жер аянтын муниципалдык менчикке каттоого макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө жагы,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин  жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү, архитектура-курулуш, транспорт жана экология, тоо кен байлыктары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                              И.К. Салиев

Comments are closed.