Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы Токтом № 01-07/15

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы

Токтом  № 01-07/15                   

Алга айылы                                                                                      20.01.2025-жыл

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Шыбран көчөсүндө жайгашкан кичи футбол аянтчасынын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы кичи футбол аянтчасынын капиталдык оңдоого райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна даярдалган долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 150620 (бир жүз элүү миң алты жүз жыйырма) сом өлчөмүндөгү акча каражатты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Алга айылындагы Шыбран көчөсүндө жайгашкан кичи футбол аянтчасынын капиталдык оңдоого райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталган долбоорго Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 150620 (бир жүз элүү миң алты жүз жыйырма) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.

 

  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                            И.К. Салиев

Comments are closed.