Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы Токтом № 01-07/13

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы

Токтом  № 01-07/13                      

Алга айылы                                                                                      20.01.2025-жыл

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасынын кошумча имаратын куруу жөнүндө

 

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана айыл ичиндеги социалдык инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча имарат куруу боюнча  даярдалган долбоорду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткандыгы жана долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 1073027 (бир миллион жетимиш үч миң жыйырма жети) сом өлчөмүндөгү каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылоо жөнүндөгү маселени, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун сунушун угуп жана талкуулап  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылындагы “Гүлдесте” балдар бакчасынын 2025-жылы кошумча имаратын курууга, айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 1073027 (бир миллион жетимиш үч миң жыйырма жети) сом өлчөмүндөгү каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнсүн.

 

  1. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жонөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                            И.К. Салиев

Comments are closed.