Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 1-сессиясы
Токтом № 01-07/10
Алга айылы 20.01.2025-жыл
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы А. Жамалов көчөсүнүн 660м аралыгын капиталдык
оңдоодон өткөрүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы А. Жамалов көчөсүнүн 660м аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча даярдалган долбоорду райондук жана облустук өнүктүрүү фонддоруна сунушталып жаткандыгы жана долбоорго айыл өкмөттүн өздүк салымы катары 538219,00 (беш жүз отуз сегиз миң эки жүз он тогуз) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы А. Жамалов көчөсүнүн 660м аралыгын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 538219,00 (беш жүз отуз сегиз миң эки жүз он тогуз) сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М Досановго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.К. Салиев