Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Х. Досанов Кайтпас жана Ак-Тилек айылдарында жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрдү. Айыл өкмөт башчысы Х. Досанов Кайтпас жана Ак-Тилек айылдарында жергиликтүү тургундар менен жыйын өткөрүп, айылдардын социалдык-экономикалык абалы жана көйгөйлөрү боюнча пикир алышып, Ак-Тилек айылындагы 375 орундуу заманбап мектептин курулуш иштеринин башталышы менен элге мезгил кутучасын салууга даяргерчиликтерди көрүүнү талкууланды. Андан соң, айыл өкмөт башчысы Х. Досанов Кайтпас айылындагы “Көгүчкөн” балдар бакчасына барып, айыл өкмөтүнүн салымы менен орнотулган жылытуучу меш жабдуусунун иштешин жана бала бакчадагы эмеректердин сапатын жеринде көрүп чыкты. Бул аракеттер балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, Кадамжай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан жана айыл өкмөтүнүн бюджети эсебинен Кайтпас айылындагы спорт залга жаңы спорттук эмеректер сатып алынып, толук орнотулду. Айыл өкмөт башчысы Х. Досанов жерине барып, жабдуулардын сапатын жана туура орнотулушун текшерди. Ошондой эле, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Б. Баяке уулунун демилгеси менен Кыргыз-Кыштак жана Кайтпас айылдарыны сугат суу менен камсыз кылуу максатында, БСР курулушунун жүрүшүн жеринде көрдү.

Возможно, это изображение 8 человек, люди учатся и детская игрушка    Возможно, это изображение 2 человека и больница

Возможно, это изображение 6 человек, ребенок и поезд Возможно, это изображение 4 человека и автомобиль

Comments are closed.