Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылында жаңы кыргыз почтасынын имаратынын ачылышы

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу  Алга айылында  кыргыз почта кызматы үчүн жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.М.Айтматов, Кыргыз почтасы ААК нун Ош почта филиалынын башкаруучусу Б.А.Шералиев, Кыргыз почта ААК нун генералдык директорунун биринчи орун басары У.К.Масиянова, Кыргыз почта ААК нун Кадамжай райондук филиалынын башкаруучусу Д.Д.Садыков жана Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досанов катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө айыл тургундарына почта кызматтарын ыңгайлуу шартта көрсөтүү максатында, заманбап талаптарга жооп берген жаңы имараттын мааниси белгиленип, ал тургундардын жашоосуна кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү айтылды.
Возможно, это изображение 10 человек и текст Возможно, это изображение 6 человек и текст
Возможно, это изображение 10 человек и текст Возможно, это изображение 3 человека и текст

Жооп калтыруу