Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досанов айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери менен коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын негизги максаты — мамлекеттик кызматтарда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу болду.
Жыйындын жүрүшүндө Х. М. Досанов коррупция коомдун өнүгүүсүнө чоң тоскоолдук жаратарын белгилеп, ар бир мекеме кызматкерин өз ишинде мыйзамдуулукту так сактоого чакырды. Ал мамлекеттик кызматкерлер элдин ишенимин актоо үчүн жоопкерчиликтүү, адилеттүү жана таза иш алып барышы керек экенин баса белгиледи.
Ошондой эле жыйынга катышкан мекеме жетекчилери өз тармактарындагы иштер тууралуу маалымат берип, коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып өтүштү. Алар кызмат көрсөтүүдө ачык-айкындуулукту күчөтүү, жарандардын кайрылууларын өз убагында кароо жана мыйзамсыз аракеттерге жол бербөө боюнча пикирлерин билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында айыл аймагындагы бардык мекеме-ишканаларда коррупцияга каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана мыйзам бузууларга каршы катуу чара көрүү боюнча тапшырмалар берилди. Мындай жыйындар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турары белгиленди.
