Урматтуу айыл тургундары жана мекендештер!
Молдо Нияз айыл аймагынын атынан баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Кыргыз тил – элибиздин тарыхы, руханий байлыгы жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн негизги өзөгү. Мамлекеттик тилибизди ар тараптуу өнүктүрүү, таза жана туура колдонуу – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерге ийгилик каалайм. Мамлекеттик тилибиз дайыма сыймыгыбыз болуп, ар бир жүрөккө нур чачып турсун!
