МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 21-январы № 01-07/3

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

2026-жылдын 21-январы № 01-07/3

 

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Родничок” балдар бакчасынын аталышын “Ай-Чырак” деп өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы “Родничок” балдар бакчасынын ысымын “Ай-Чырак” ысымына өзгөртүү жөнүндөгү “Родничок” балдар бакчасынын жетекчиси К.Жураеванын сунушу туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алуу менен, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу караштуу Совет айылындагы “Родничок-Кан” балдар бакчасынын аталышын “Ай-Чырак” деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Бала бакчанын аталышы жаңылангандан кийинки чыгымдар, тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте документтерди даярдап, каттоодон өткөрүү Бала бакчанын жетекчисине милдеттендирилсин.
  3. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:        И. К. Салиев

 

 

Жооп калтыруу