Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезектеги   6-сессиясы   ТОКТОМ № 01-07/46

Молдо Нияз  айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 8-чакырылышынын  кезексиз   6-сессиясы

 

ТОКТОМ № 01-07/46

                                 Алга айылы                                                                                                                                                                     12.08.2025-жыл

             

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы көлдөрдү пайдалануу тартибин жөнгө салуу жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына таянып, айыл аймагындагы коомдук жайларды тартипке салуу жана бюджетке кошумча киреше булактарын түзүү максатында, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы №13 жана №38 көлдөрдүн пайдалануучусу Н. Бегалиевдин билдирүүсү Молдо Нияз айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-августунда өткөн 6-сессиясында талкууланып, Молдо Нияз айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Совет айылындагы көлгө кирүү акысы адам башына 50 (элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин.
  2. Совет айылындагы №13 жана №38 көлдөрдү пайдалануу боюнча Молдо Нияз айыл аймагынын атынан айыл өкмөтү менен көл пайдалануучу Н. Бегалиевдин ортосунда келишим түзүлсүн.
  3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М. Досановго милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.
  5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

          Төрага:                                                                                                                                                            И.К. Салиев

 

 

Comments are closed.