МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-декабры № 01-07/73
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Молдо Нияз айыл аймагынын 2025-жылдын 12-айы ичинде кирешелер планынын өзгөрүүсүнүн жана чыгашалар бөлүгүндө унөмдөлгөн каражаттар эсебинен Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2025-жыл бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин. (Тиркеме №1, №2 )
- Чыгашалар биринчи кезекте корголгон беренелерге, аткарылган жумуштардан болгон кредитордук карыздарды төлөөгө жана айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылуучу долбоорлорду каржылоого жумшалсын.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М.Досановго милдеттендирилсин
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И. К. Салиев

