МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-декабры № 01-07/72
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы көчөгө Рахматуллаев Осмоналынын ысымын ыйгаруу боюнча айыл өкмөтүнүн сунушу туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алуу менен, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы аталышы жок көчөгө Рахматуллаев Осмоналынын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
- Көчөнүн аты жаңылангандан кийинки чыгымдар, үйлөрдүн документтерин жаңылоо, табличкаларды алмаштыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте документтерди даярдап, каттоодон өткөрүү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
- Көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу ж.б. салымдар боюнча Молдо Нияз айыл өкмөтү менен демилгечи тараптын ортосунда келишим түзүлсүн.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага: | И. К. Салиев |

