Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II сессиясы 30-март 2026-жыл. ТОКТОМ № 01-07/9

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин

VIII-чакырылышынын    кезектеги  II  сессиясы

  

            Алга  айылы.                                                                            30-март   2026-жыл.

 

ТОКТОМ  № 01-07/9

 Молдо Нияз айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  аймагында таштандыларды чыгаруу жыйымынын өлчөмүн бекитүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74,76 беренелерине жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 34,39 беренелерине ылайык,ошондой эле айылдык кеңештин бюджет жана  экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз  Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагындагы ар бир кожолуктан алынуучу таштанды чыгаруу жыйымынын  өлчөмү  жылына  100 (бир жүз) сом  өлчөмүндө  бекитилсин.

 

2.Таштандыларды чыгаруу  жыйымынын  төлөө мөөнөтү 2026-жыл үчүн 1-июнь болуп,ал эми 2027-жылдан баштап калган жылдарга  1-апрелге деп бекитилсин.

 

  1. Таштандыларды чыгаруу жыйымынын өлчөмүн  эсептөө  боюнча мыйзам чегинде талап кылынуучу жумуштарды аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго  милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                                               И.Салиев

Жооп калтыруу