Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII -чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Алга айылы 30- март 2026-жыл.
ТОКТОМ №01-07/8
“Чукуркыштак” орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чукуркыштак айылындагы “Чукуркыштак” жалпы билим берүү мектебинин жамааттык арзын жана протоколун угуп, талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Чукуркыштак” жалпы билим берүү мектебинин аталышын өзгөртүү менен Эсенов Мамадали Ырысбаевичтин ысымын ыйгаруу боюнча Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына иш кагаздары даярдалып сунушталсын.
2.Ушул токтомду мыйзам чегинде аткарылышын Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Досановго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент жана мандат, социалдык маселелер, жарандардын укугун, кызыкчылыктарын жана мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: И.Салиев

