Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын
кезектеги II сессиясы
Алга айылы 30-март 2026-жыл.
ТОКТОМ №01-07/7
Молдо Нияз айыл аймагынын Адыр айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын куруу боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү
фондуна даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын Адыр айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын курууга Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорду сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелөөчү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын Адыр айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын куруу үчүн даярдалган 3 709 395 (үч миллион жети жүз тогуз миң үч жүз токсон беш) сомдук долбоор бекитилсин.
- Молдо Нияз айыл аймагынын Адыр айылына сугат суусун алып келүү үчүн темир-бетон каналын куруу үчүн сунушталып жаткан долбоорго 2 964 395 (эки миллион тогуз жүз алтымыш төрт миң үч жүз токсон беш) сом Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан суралсын, ал эми айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 745000 (жети жүз кырк беш миң) сому Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджети эсебинен ажыратып берилсин.
- Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана каражатты максаттуу пайдалануу жана эмерек жана жабдууларды сатып алуу иштерин сапаттуу жүргузүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М.Досановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика,бюджет,инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: И.Салиев

