МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-январы № 01-07/1
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Досанов Халмурза Маликовичтин 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёту жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Досанов Халмурза Маликовичтин 2025-жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгү тууралуу отчётун угуп жана талкуулап, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Досанов Халмурза Маликовичтин 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
- Айыл өкмөтүнүн башчысына мындан ары да айыл аймакты өнүктүрүү боюнча иштерди активдүү жүргүзүү сунушталсын.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөн өзүмө калтырамын
Төрага: И. К. Салиев

