№ 01-07/72 Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

2025-жылдын 15-декабры № 01-07/72

 

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы  № 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы көчөгө Рахматуллаев Осмоналынын ысымын ыйгаруу боюнча айыл өкмөтүнүн сунушу туруктуу комиссияда каралып, талкуулангандыгын эске алуу менен, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылындагы аталышы жок көчөгө Рахматуллаев Осмоналынын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
  2. Көчөнүн аты жаңылангандан кийинки чыгымдар, үйлөрдүн документтерин жаңылоо, табличкаларды алмаштыруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте документтерди даярдап, каттоодон өткөрүү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу ж.б. салымдар боюнча Молдо Нияз айыл өкмөтү менен демилгечи тараптын ортосунда келишим түзүлсүн.
  4. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  5. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                                                  И. К. Салиев

 

 

Comments are closed.