№ 01-07/73 Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ 

2025-жылдын 15-декабры № 01-07/73

                          

Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине  өзгөртүүлөр  киргизүү  жөнүндө

              Күн   тартибиндеги  маселе   боюнча   бюджет жана экономика комитетинде  каралып, талкуулангандыгын  эске алып, экономика  жана  каржы  бөлүмүнүн  башчысы-башкы  эсепчинин  билдирүүсүн  угуп  жана талкуулап  Молдо Нияз айыл аймагынын  айылдык  кеңеши токтом кылат:

 

  1. Молдо Нияз айыл аймагынын 2025-жылдын 12-айы ичинде кирешелер планынын өзгөрүүсүнүн жана чыгашалар бөлүгүндө унөмдөлгөн каражаттар эсебинен Молдо Нияз айыл өкмөтүнүн  2025-жыл бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө  өзгөртүүлөр  киргизилсин. (Тиркеме №1, №2 )
  2. Чыгашалар биринчи кезекте корголгон беренелерге, аткарылган жумуштардан болгон кредитордук карыздарды төлөөгө жана айыл өкмөтү тарабынан ишке ашырылуучу долбоорлорду каржылоого  жумшалсын.
  3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х.М.Досановго милдеттендирилсин
  4. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  5. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:                                                                                                                   И. К. Салиев

Comments are closed.