Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы
Токтом № 01-07/69
2025-жылдын 15-декабры Алга айылы
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылынан Суу чарба башкармалыгына өздөштүрүү үчүн берилген жер аянты боюнча ижара акысын жана үч тараптуу келишим түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Алга айылынан Суу чарба башкармалыгына өздөштүрүү үчүн берилген жалпы аянты 200,0 (эки жүз) га жер аянты боюнча үч тараптуу келишим түзүүгө жана ижара акысын жылына 1,0 гектар үчүн көз карандысыз баалоочунун корутундусуна ылайык бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушу туруктуу комиссияда талкуулангандыгын эске алуу менен Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Суу чарба башкармалыгына өздөштүрүү үчүн берилген жалпы аянты 200,0 гектар жер участогу боюнча мыйзам талаптарына ылайык үч тараптуу келишим түзүүгө макулдук берилсин.
- Көз карандысыз баалоочунун корутундусунун негизинде, өздөштүрүү уун алып жаткан жер аянтынын 1,0 гектары үчүн жылына 11 000 (он бир миң) сом өлчөмүндө ижара акысы бекитилсин.
- Өздөштүрүлгөн жер участогунан алынган түшүмдүн 20 (жыйырма) пайызы келишим шарттарына ылайык Суу чарба башкармалыгына берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досановго милдеттендирилсин.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: И. К. Салиев

