Токтом № 01-07/68 Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Адыр айылындагы Чукур-Кыштак көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө

Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы

Токтом  № 01-07/68                         

2025-жылдын 15-декабры                                                                                                                                                                                                                                                                     Алга айылы 

 

Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Адыр айылындагы Чукур-Кыштак  көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө

 

              Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Адыр айылындагы Чукур-Кыштак  көчөсүнө асфальт төшөө боюнча  Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин үлүштук (дем берүүчү) гранты аркылуу каржылоого даярдалган долбоору сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушу туруктуу комиссияда каралгандыгы эске алып, билдирүүүсүн угуп жана талкуулап Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин үлүштук дем берүүчү гранты аркылуу каржылоого сунушталып жаткан Молдо Нияз айыл аймагынын Адыр айылындагы Чукур-Кыштак көчөсүнө асфальт төшөө   боюнча жалпы  6 007 372 (алты миллион жети миң үч жүз жетимиш эки)  сомдук  долбоору  бекитилсин.
  2. Молдо Нияз айыл аймагынын Адыр айылындагы Чукур-Кыштак  көчөсүнө асфальт төшөө боюнча долбоордо көрсөтүлгөн сумманын 82,52 % түзгөн 4 957 372 (төрт миллион тогуз  жүз элүү жети миң үч жүз жетимиш эки) сому  Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен суралсын, ал эми  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 17,48 % түзгөн 1 050 000  (бир миллион элүү миң) сому  Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2026-жылгы  бюджетинин эсебинен ажыратып берилсин.
  3. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу,оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  башчысы Х.М.Досановго милдеттендирилсин.
  4. Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
  5. Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кенешинин Экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана  жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                                                                                                   И. К. Салиев

     

Comments are closed.