Молдо Нияз айыл аймагынын ичуучу таза суу түтүктѳрүнѳ кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан кездеги ѳздүк салымы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, ошондой эле Совет айылынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколуна, Совет айылында түзүлгөн суу комитетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы отурумунун жыйынтыгына жана «Молдо Нияз» муниципалдык ишканасынын сунушуна ылайык, маселени угуп жана талкуулагандан кийин Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Молдо-Нияз” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1-тиркеме)
- Совет айылындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери №2-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн. (№2-тиркеме)
- Совет айылынын ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан мезгилдеги элдик салымы Молдо-Нияз айыл аймагындагы элдердин үй-чарбаларына таза сууну киргизүү, кошуу тартиби бекитилсин (1 беттен турган № 3-тиркеме тиркелет).
- “Молдо-Нияз” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган, абоненттерге бериле турган Абоненттик китепче жана анын ичиндеги кѳрсѳтүлгѳн: Келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чиймеси менен, айылды ичуучу таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичуучу таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин. (№ 4 Абоненттик китепче тиркелет)
- “Молдо-Нияз” Муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин абоненттерге кызмат көрсөтүү акылары тиркеме ылайык бекитилсин. (№5-тиркеме)
- Молдо-Нияз айыл аймагындагы Таза-Суу ишканасынын абоненттери ичуучу таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар бектилсин. (2 беттен турган № 6 тиркеме тиркелет)
- Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Молдо-Нияз айыл өкмөтүнүн башчысы Х. М. Досановго жана “Молдо-Нияз” МИнын жетекчиси А. А. Кайыркуловго жүктөлсүн.
- Токтом расмий moldo-niyaz.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн токтом Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент депутаттык этика жана мандат, укук тартибин сактоо жана экономика, бюджет, инвестиция ишкердик жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: И.К. Салиев
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/63
токтомуна тиркеме №1
|
“Молдо-Нияз” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары |
||||||||
| № | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү | |||||
| 1 | Абонентти суу түтүгүнө туташтыруу: | 600 | Долбоор мезгилинде түзүлгөн сантехникалык топ тарабынан жүргүзүлөт | |||||
| а) Байлоочу камыт, туташтыруучу тетик, чөпик ж.б. керектелүүчү буюмдар | ||||||||
| б) Абонентке тийешелүү ПЭ түтүктөрүн тартуу, кудукту тешүү, кудуктун ичиндеги трубаларды жайгаштыруу | ||||||||
| 2 | Транспорттук чыгымдар (унаа, күйүүчү май, айдоочунун маянасы ичинде) | 500 | Айыл башчы, суу комитети, МИ тарабынан уюштурулат | |||||
| 3 | Абоненттик китепче даярдоо (келишим, суу эрежелери, тех. шарттар, ситуациялык чийме, кеңсе чыгымдары) | 550 | МИ тарабынан даярдалат жана эсеп чотуна которулат | |||||
| 4 | Капиталдык салым | 200 | Бул каражат МИ эсеп чотуна которулат | |||||
| 5 | Баардыгы | 1850 | ||||||
|
Эскертуу: Урматтуу Совет айылынын жашоочулары! Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн суммалар абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу мезгилинде жумушчу топтун мүчөлөрүнө төлөнөт (казуу көмүү учурунда экскаватор кызматы өзгөрүлүшү мүмкүн). |
||||||||
| № | Кызматтын аталышы | бирдиги | өлчөмү | сом | эскертуу | |||
| 1 | Экскаватор кызматы (казуу, көмүү) | метр | 1 | 120 | Казылган жана көмүлгөн метрине жараша төлөнөт | |||
| 2 | Түтүктөрдү сатып алуу (сапар чыгымдары менен бирдикте) | метр | 1 | 31 | Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык | |||
| 3 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн алдына 10 см төшөө | метр | 1 | 50 | Жумушчу топ тарабынан аткарылат | |||
| 4 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн үстүнө 20 см төшөө | метр | 1 | 100 |
|
|||
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/63
токтомуна тиркеме №2
Совет айылындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөтүнүн иш-аракеттери
Абоненттерди негизги суу түтүккө туташтыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топко төмөнкү иш-аракеттер жүктөлсүн:
- Абоненттерди негизги түтүккө сапаттуу туташтыруу;
- Түтүктөрдү сапаттуу көмүү (курулуш нормаларын кармоо);
- Өздүк салымды максаттуу пайдалануу
- Жумушчу топ өздору жасаган иштерине 6 айга кепилдик беришет.
- Долбоор аяктаганда өздүк салым боюнча суу комитетине отчет берүү.
Суу комитетин мүчөлөрү төмөндөгү иштерди камсыз кылсын:
- Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга жардамдашуу;
- Сертификациясы бар түтүктөрдү сатып алууга көмөк көрсөтүү;
- Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдө кызматташуу;
- Өздүк салымды суу комитети топтоо жана МИга тиешелуу акча каражаттарын эсеп чотуна которуу, долбоор бүткөндө төрагасы элге отчет берүүнү;
МИ төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- Абоненттик китепчелерди даярдоо;
- Келишим;
- Суу пайдалануу эрежелери;
- Техникалык шарттар (ситуациялык схема менен);
- Абонентти негизги түтүккө кошуу учурун толук көзөмөлдойт жана анын сапатына жооп берүү;
- Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга;
- Сертификациясы бар түтүктөрдү сатып алууга;
- Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдө кызматташуу жагын.
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/63
токтомуна тиркеме №3
Абоненттерди негизги ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошуу тартиби:
- Негизги ичүүчү таза суу түтүгүндө жайгашкан кудуктан баштап, абоненттин үйүнө киргенге чейинки аралыктагы ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсү ташталуучу чуңкурдун терендиги 1,0 метрден кем болбоосу зарыл (абоненттер суу түтүгүн үйүнө чейин алып кирүүсү шарт, себеби кыштын суук күндөрү тоңуп калуусу күтүлөт).
- Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосунун сапаты сертификацияланган, сапаты жакшы, ички диаметри 15 мм болуусу шарт.
- Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсүн көмүү учурунда, анын алдынкы тарабына 10 см жана жогорку тарабына 20 см.ден кем эмес жумшак топурак же майда кум тошолуусу абзел.
- Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө туташтырганга чейин ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсүнүн эки жагындагы уучтары жабык болуп (заглушка) турушу шарт.
- Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө кошулуу учурундагы: экскаватор менен казуу, көмүү, ПЭ ичүүчү таза суу түтүкчөсү жана ага кетүүчү каражаттар абоненттин өз эсебинен жүргүзүлөт.
- Аткарыла турган жумуштардын баары “Молдо-Нияз” муниципиалдык ишканасынын көзөмөлүндө болсун жана абоненттердин ичүүчү таза суу түтүгүнө кошуу жагы түзүлгөн жумушчу топко жүктөлсүн.
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/63
токтомуна тиркеме №4
Кыргыз Республикасы
Баткен облусу
Кадамжай району
Молдо-Нияз айыл аймагы
“Молдо-Нияз”
муниципалдык ишканасы
Ичүүчү суу боюнча
абоненттик китепче
(ФАА)
(Дареги)
Алга айылы 2025-ж
Муниципалдык ишканасынын маалыматтары
Жетекчиси
Аты-жөнү: ________________________________________________________
Тел.: __________________________________
Бухгалтер
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
Сантехник
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
__________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
__________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
__________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
__________________
Аты-жөнү: _________________________________________________________
Тел.: ______________________________________________________________
“Молдо-Нияз” муниципалдык ишканасы дареги:
Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Молдо-Нияз айыл аймагы, Алга айылы.
Кыргыз Республикасынын суу ресуртары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министирлигине караштуу суу ресурстар кызматы.
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү мамлекеттик мекемеси
“Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” (ПУВУУИК) долбоорунун негизги максаты тандалган дарыя бассейндеринде климатка туруктуу суу кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги климатка туруктуу сууну башкаруу боюнча институттук потенциалды күчөтүү.
Ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария тутумдарын өнүктүрүүдө башкы багыттар менен иш-чараларды белгилөө, бул чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, ишмердик жүргүзүүдөгү башкы маселелерди чечүү максатында, Кыргыз Өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 12-июнь күнү №330 токтому менен бекитилген “КРнын калктуу конуштарын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Стратегиясы” кабыл алынган.
Бул Стратегияга ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу менен камсыз кылуу жана санитария жаатында улуттук саясат боюнча Программаны ишке ашырат.
Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруучу катары ДИАБ белгиленген.
Долбоордун максаттары
- Тандалган дарыя бассейндериндеги калктуу конуштарды суу менен камсыздоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- Жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө институттук потенциалды жогорулатуу;
- Тандалган бассейндердин аймактарында долбоор суу менен камсыздоо, санитария жана ирригация кызматтарынын камтылышын, сапатын жана туруктуулугун жогорулатууну, ошондой эле суу ресурстарын комплекстүү башкарууну жакшыртуу үчүн потенциалды, ошондой эле тиешелүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн дараметин жогорулатууну камсыз кылат;
- Улуттук деңгээлде долбоор климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту камсыз кылуу аспекттерин эске алуу менен суу ресурстарын башкаруу максатында институттук потенциалды жогорулатууну камсыз кылат.
Долбоордун компоненттери
- Компонент 1: Инфраструктурага инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу – Подкомпонент 1.1: Ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитария (ИСС) инфраструктурасы.
- Компонент 2: Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кызмат көрсөтүү, суу ресурстарын жана дамбаларды башкаруу үчүн институционалдык потенциалды чыңдоо: Подкомпонент 2.1: ИСС кызматтарын көрсөтүү үчүн институционалдык чыңдоо.
- Компонент 3: Долбоорду башкаруу, мониторинг жана баалоо, жана кесиптик өнүгүү.
Жеке турак-жайдын ээсин суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүнө
№____ КЕЛИШИМ
20___ ж. «___» _______ Алга айылы.
Уставдын негизинде «Молдо-Нияз» муниципалдык ишканасынын атынан, мындан ары «МИ» деп аталуучу, башчысы ______________________________________________ бир жагынан жана __________________ айылынын__________________________көчөсү, үй №___ дареги боюнча жашаган жана мындан ары «Абонент» деп аталуучу жаран ____________________________________________________________ экинчи тараптан, төмөндөгүлөр жөнүндө ушул келишимди түздү.
- I. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Бул келишимдин предмети болуп Абонентти ичүүчү суу менен камсыз кылуу болуп саналат, ал ушул келишимдин шарттарына ылайык МИ кызмат көрсөтүүлөрү үчүн өз убагында төлөйт.
- ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
2.1. МИ ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТЕНЕТ:
- Сууну берүүнүн бекитилген графигине ылайык Абонентке үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылууну камсыздоого.
- «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламенттин талаптарына ылайык ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын камсыздоого.
- Абонент берген документтер же сууну эсепке алуу приборлорунун көрсөтмөлөрүнүн негизинде Айылдык кеңештин депутаттары бекиткен суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүнө жана сууну керектөө ченемдерине тарифтерге ылайык эсептөөнү жана абоненттик төлөмдү кайра эсептөөнү жүргүзүүгө.
- Абоненттин арызы боюнча суу түтүгүнүн борбордук магистралына оюп киргизүү жерине чейин ички-короолук (үйдүн ичиндеги) өткөрмө түтүктөрдү акылуу оңдоону жана техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө.
- МИ Айылдык кеңештин депутаттары бекиткен Сууну пайдалануу эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына жоопкерчилик тартат.
2.2 МИ ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ УКУКТУУ:
- Карызы бар Абонентти жазуу жүзүндө эскертүүдөн 5 күндөн кийин өз убагында төлөбөй коюушу үчүн сууну өчүрүүгө.
- Карызды төлөгөн учардан кийин МИ аткарылган иштин көлөмүнө байланыштуу Абонентти өчүрүү жана кошууга чыгашалардын сметасы боюнча өзүнчө акыга Абонентти сууга туташтырат.
- Экстремалдык кырдаал (табигый кырсыктар ж.б.) менен чакырылган суу менен камсыз кылуу тутумдарынын өчүрүлүшүндө төлөөнү кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.
- Абонент ичүүчү суунун тарифи Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук кызматы тарабынан бекитилип, Молдо-Нияз айылдык кеңеши тарабынан макулдашылган тарифтерине ылайык, 1 куб.м суунун тарифин көтөрүүгө жана түшүрүүгө укуктуу.
2.3. АБОНЕНТ ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТЕНЕТ:
- a) Абонент ичүүчү суунун 1 куб.м _____сом төөлөгө милдетенет. Ичүүчү суунун тарифи өзөргөн учурда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук кызматы тарабынан бекитилген Молдо-Нияз айылдык кенеши тарабынан макулдашылган тариф боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эсеп-чотторду төлөөнү жүргүзүүгө укуктуу.
- b) Сууну пайдалануу эрежелерин, сууну пайдалануунун ченемдерин жана режимдерин катуу сактоого.
- c) Эсептик айдан кийинки айдын 20сынан кеч эмес, бир айда 1 жолудан кем эмес суу менен камсыз кылуу кызматтарына төлөөнү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө.
- e) Сууну түздөн-түз багыты боюнча рационалдуу пайдаланууга.
с) МИ кызматкерлерине күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин суу түтүк жабдууларын, а.и. суу өлчөгүчтү кароого мүмкүндүк берүүгө.
Суу түтүгүн жана суу өлчөгүчтөрүн техникалык оң абалда күтүүгө. Жашоочулардын санынын өзгөрүүсүндө 5 күндүк мөөнөттө документтерди көрсөтүү менен МИга жазуу жүзүндө билдирүүгө.
- f) Менчик ээси алмашкан учурда жаңы Абонент суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө МИ менен келишимди түзөт.
- g) Суу түтүк тармагына кошулуу, сууну эсепке алуу (суу өлчөгүч) аппаратын абоненттин эсебинен орнотуу, МИ берген уруксат жана техникалык шарттардын негизинде ишке ашырылат.
- h) Жеке үй ээликтеринин реконструкцияланган суу менен камсыз кылуу тутумдарына суу өлчөгүчтү орнотуу.
- j) Абонент сууну эсепке алуу шайманында пломбалардын бүтүндүгүнө жана сакталышына жоопкерчилик тартат.
- k) Абоненттин суу эсептегичи иштебей турган учурда, мурунку 3 айлык орточо коломдогу абанентик толомдун суммасын толойт.
- l) Абонент суу түтүкчөлөрүн үйүнө тартып келүүдө, суу түтүктөрүн орнотуу терендиги долбоордогу көрсөтүлгөн өлчөмдү сактоосу милдетенет.
- q) Абонентке орнотулган суу эсептегичтер бузулган учурда (кепилдик мөөнөтү бүткөндөн кийин) абоненттин эсебинен ондолот же жаңы сатып алынып орнотулат.
2.4. АБОНЕНТ ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ УКУКТУУ:
- Керектелүүчү сууга эсептин тууралыгын МИ менен текшерип салыштырууну жүргүзүүгө.
- Аларды бекитүүдөн кийин 5 күндөн кеч эмес сууну пайдалануу ченемдерин жана суу менен камсыз кылуу тарифтеринин өзгөрүүсү тууралуу маалыматты алууга.
- Сууну пайдалануу эрежелери менен белгиленген тартипте кызматтарды көрсөтүүдө аныкталган кемчиликтерин МИ четтетишине.
III. СУУНУН ЧЫГЫМЫН ЭСЕПКЕ АЛУУНУН ТАРТИБИ
- Суунун чыгымын эсепке алуу Айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген сууну керектөө ченемдерине ылайык, же акт боюнча МИ өкүлү кабыл алган пломбаланган суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Пломбаны бузууда, же сууну эсептегичти өз билмедик менен алмаштырууда эсептөө Сууну пайдалануу эрежелеринин бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүлөт.
- _______________________________ абонентинин сууну керектөө ченеми.
- Абоненттин сууну керектөө ченеми турак жай үйүн жакшыртуу деңгээлин өзгөртүү менен кайра каралат.
- МИ МЕНЕН ЭСЕПТЕШҮҮ ТАРТИБИ
- Суу менен камсыз кылуу кызматтарына төлөө МИ кызматкерлери жеткирген эсеп боюнча МИ кассасына же эсеп счетуна ишке ашырылат.
- Ушул келишимдин 2.3.b) пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө суу менен камсыз кылуу үчүн көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында эмес төлөөгө Абонентке мөөнөтү өтүп кеткен төлөм суммасынан 0,5% өлчөмүндө ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн туум эсептелет, бирок карыздын суммасынын 25%нан көп эмес.
- Суу түтүк тармактарын жана жабдууларын, анын ичинде суу өлчөгүчтү техникалык тейлөөнүн наркы, бекитилген калькуляция жана прейскурант боюнча акылуу кызматтар катары жүргүзүлөт.
- ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ
- Ушул келишимди түзүүдө, аткарууда же бузууда келип чыккан тараптар ортосунда талаштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
- Өз ара алгылыктуу чечимге келбөө учурунда талаш Айыл өкмөтүндө, акыркы чара катарында сот тартибинде чечилиши мүмкүн.
- КЕЛИШИМДИН АРАКЕТИНИН МӨӨНӨТҮ
- Ушул келишим ага кол койгон мезгилден баштап күчүнө кирет жана түзүлгөн күндөн баштап бир жылдын ичинде аракетте болот жана мөөнөттү аяктаганга чейин бир ай мурун тараптардын биринин ушул келишимден баш тартуу же аны кайра кароо тууралуу билдирүүсү келип чыкпаса жыл сайын узартылуучу болуп эсептелет.
VII. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ДАРЕКТЕРИ
| «Молдо-Нияз» МИсы
Дареги: Баткен обл., Кадамжай р-у, Молдо-Нияз АА, Алга а., Эсептик эсеп-счет: _______________________________ _______________________________
Башчысы:_______________________ ________________________________ Колу ___________________________ |
АБОНЕНТ:
Аты-жөнү ________________________________________________________________ Паспортунун сериясы_________________________________________________________ Дареги: _________________________ ________________________________ Колу ___________________
|
Алга айылы.
СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ТАРМАКТАРЫНА КОШУУГА
ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАР
___________________________________________________________
(объекттин аталышы)
____________________________________________________________
(объекттин жайгашкан жери)
____________________________________________________________
(жеке адамдын ААФ)
1.Долбоорлонуп жаткан объектти «Молдо-Нияз» МИ болгон суу менен камсыз кылуу тармактарына кошууга уруксат берилет
- Кошуунун орду _______________________________________________
(жайгашкан жери жана кудуктун номуру)
- Кошуунун ордунда суунун басымы _______________________________
(минималдуу жана максималдуу)
- Кошуунун ордунан аралык ______________________________________
- Суунун максималдуу чыгымы___________________________________
- Кошуунун ордунда болгон өткөрмө түтүктүн диаметри жана материалы, түтүктүн үстүн жана кудуктун үстүн белгилөө
_____________________________________________________________
- Көчө магистралдарын өткөрүү учурунда, райондук Архитектура менен макулдашылган диаметр жана трассалар __________________________
_____________________________________________________________
_____________________________________________________________
- Жогорулатуучу насостук станциянын түзмөктөрү, кабыл алуучу резервуарды орнотуу жана анын талап кылынган сыйымдуулугу
_______________________________________________________________
курамы жана саны боюнча, эгер абонентте сууну эсепке алуу шайманы жок болсо;
- Башка шарттар _______________________________________________
- Суу менен курулушту камсыздоо мүмкүнчүлүгүнүн маалыматтар _________________________________________________________________________________________________
- Ушул техникалык шарттардан четтөөдө долбоор
____________________________________________________________
(суу менен камсыз кылуу тармактарын тескеген уюмдун аталышы)
макулдашылсын.
Техникалык шарттардын аракетинин мөөнөтү берүү күнүнөн 10 жыл.
Суу менен камсыз кылуунун жагдайлык схемасы тиркелет
Заказчынын жооптуу адамы _______________________________________________________
М.О. (жеке адамдын ААА)
(колу)
(датасы)
«Молдо-Нияз» муниципалдык ишканасынын жооптуу адамы
М.О. (кызматы, ААА) ___________________________________________________________________
(колу)
(датасы)
Суу менен камсыз кылуунун ситуациялык схемасы
Абоненттин ФАА____________________________________________________
__________айылы_______________________көчөсу үй №_____
Түзгөн: ___________________________
Колу: _____________________________
АЙЫЛДЫ СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ СИСТЕМАЛАРЫНАН СУУНУ ПАЙДАЛАНУУНУН ЭРЕЖЕЛЕРИ
- Жалпы жоболор
- Бул Эрежелер мындан ары МИ деп аталуучу айылды суу менен камсыз кылуу кызматын жабдуучу жана мындан ары абоненттер деп аталуучу сууну керектөөчүлөр ортосунда өз ара мамилелерди белгилейт.
1.2 МИ төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– түзүлгөн келишимдерге жана суу менен камсыз кылуу тутумдарынын курулмаларынын фактылай өндүрүмдүүлүгүнө ылайык көлөмдөрдө абоненттерге ичүүчү сууну берүүнү камсыздоого;
– суу булактарынан алынуучу суунун жана керектөөчүлөргө берилүүчү суунун көлөмүн эсепке алууну жүргүзүүгө;
– булактардан, водоводдордон, ажыратуу тармактарынан сууну лабораториялык-өндүрүштүк контролдоону үзгүлтүксүз ишке ашырууга;
– санитардык-эпидемиологиялык кызматтын жергиликтүү органдарына жана Айыл өкмөтүнө суу түтүк тутумунун долбоорунда көрсөтүлгөн талаптардан булактагы суунун сапатынын бардык четтөөсү жөнүндө кабарлоо;
– аларга кошулган борбордук суу түтүктөрүн жана ажыратуу тармактарын техникалык эксплуатацияны ишке ашырууга, айыл чарба ишканаларына, бюджеттик уюмдарга жана башка коммерциялык түзүмдөргө короого киргизүү жана бурууга чейин ажыратуучу тармактардын санитардык абалын камсыздоого;
– суу булагында суунун жетишсиз көлөмүндө же суу түтүк тутумунун жетишсиз өндүрүмдүүлүгүндө сууну берүүнү чектөө же токтотууга чейин 5 күн мурун абонентке эскертип өндүрүштүк-техникалык муктаждыктарга сууну берүүнү чектөө же токтотуу;
- Сууну берүү жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимди тариздөөнүн шарттары
2.1 Абоненттер төмөндөгүлөр боло алат: тийиштүү калктуу пункттарда жашаган жарандар, мамлекеттик, коомдук, кооперативдик жана акционердик ишканалар, бюджеттик уюмдар жана мекемелер, фермерлер жана башка керектөөчүлөр.
2.2 Суу түтүгүнөн сууну берүүгө жана аны керектөөгө негиз болуп МИ жана абонент ортосунда түзүлгөн келишим саналат.
2.3 Сууну берүүгө жана аны керектөөгө келишимди түзүү үчүн абонент төмөндөгүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:
а) жарандар – керектөөчүлөрдүн курамы жана саны боюнча расшифровка менен турак-жайды өркүндөтүү жөнүндө маалымат, анын ичинде малдын.
в) юридикалык жактар сууну эсепке алуу шайманы жок болсо абоненттин ишинин түрүнөн көз каранды сууну пайдалануу тийиштүү ченемдерине таянып ичүүчү сууда муктаждыкты эсептөөнү.
2.4 Сууну берүүгө жана керектөөгө келишим суу түтүк тутумунун фактылай өндүрүмдүүлүгүн эске алуу менен суунун чыгымдалышына түзүлөт.
2.5 Суу боюнча келишимди кайра түзүү же мөөнөтүн узартуу үчүн абонент МИга мөөнөттүн аякташына бир ай калгандан кеч эмес убаттын ичинде төмөндөгүлөрдү берет:
а) жарандар – эгер абонентте суу эсептегичи жок болсо, анда керектөөчүлөрдүн курамы жана саны, турак-жайды өркүндөтүү жөнүндө, анын ичинде малдын курамы жана саны боюнча маалымат бериши керек;
в) юридикалык жактар – суу эсептегичи жок болсо, анда абоненттин ишинин түрүнөн көз каранды сууну пайдалануу тийиштүү ченемдерине таянып ичүүчү сууга болгон муктаждыкты эсептөөсү керек.
2.6 МИ 10 күндүк мөөнөттө берилген маалыматты жана (же) абоненттин эсебин карайт жана аны кайра түзүү же узартуу үчүн көрсөтүлгөн кызматтарга төлөө эсебин тиркөө менен келишимди даярдайт.
2.7 Келишим календардык жыл бүткөнгө чейин бир ай мурун бир дагы жактын баш тартуу же келишимди кайра кароо тууралуу арызы берилбесе узартылды деп эсептелет.
III. Үй-чарбасын борбордук суу түтүгүнө кошуу
3.1 Абонентти суу менен камсыз кылуунун борборлоштурулган тутумуна кошуу МИ уруксаты боюнча, абоненттин арызы жана техникалык шарттарды берүүдөн кийин жүргүзүлөт.
3.2 Кошулуучу ажыратуу тармагын куруу долбоорду МИ менен макулдашуудан кийин гана башталышы мүмкүн.
3.3 Бардык кайрадан кошулган ажыратуучу тармактар эксплуатациялоого киргизүүнүн алдында хлордоо жана жуулуга тийиш.
3.4 Айыл өкмөтүнүн билдирмеси боюнча МИ техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эсепке алуу менен короо кириштерин кошуунун санын аныктайт.
3.5 Ажыратуучу суу түтүк тармактарын, сууну бөлүштүрүү тик турмаларын жана сугаруу пункттарын өзүн билемдик менен суу менен камсыз кылуунун борбордук тутумдарына кошууга катуу тыюу салынат.
3.6 Короо жана башка кириштерди өз билемдик менен кошууну аныктоодо абонент пайдалануунун бардык мезгили үчүн 24 саат ичинде секундасына 1м ылдамдыкта түтүктүн өткөрүү мүмкүндүгү боюнча эсептелүүчү чыгымдалган суунун көлөмүнө төлөйт жана МИ калькуляциясына ылайык объектти өчүрүүгө чыгымдардын ордун толтурат.
3.7 Курулган суу түтүк тармактарын жана курулмаларын суу менен камсыз кылуунун борбордук системасына кошууну подрядтык ишкана МИ техникалык көзөмөлү алдында аткарат. МИ абонентти кошуу боюнча жумуштарды акылуу кызматтар катары аткара алат.
3.8 Үй-чарбасын суу түтүкчөгө кошуу үчүн долбоор жана сууну эсептегичтин болуусу шарт.
3.9 Жарандарга таандык суу түтүк кирмелерин кошуу жана жууп тазалоо акылуу кызматтар катары үй ээлеринен эсебинен МИ тарабынан жүргүзүлөт.
- Ажыратуучу тармактардын курулмаларын күтүү
4.1 МИ анын менчигинде турган же ага эксплуатацияга берилген ажыратма тармактарды жана курулмаларды эксплуатациялоону ишке ашырат.
4.2 Булактардын, кабыл алуу жана басымдык-жөнгө салуучу резервуарлардын, сууну сактоо чендеринин каптаждарындагы люктар герметикалуу жабылууга жана пломбаланууга тийиш, буга курулмалардын сакталышын жана санитардык-техникалык абалын камсыздоочу адам жоопкерчилик тартат.
4.3 Суу топтомо колонкаларынан тике жакындыкта жана борбордук суу менен камсыз кылуу тутумдарына карата ажыратуучу тармактарды кошуу жерлеринде малды сугарууга, машиналарды жана механизмдерди жууга тыюу салынат.
4.4 МИ анын менчигинде же эсплуатациясында турган суу түтүк курулмаларын (резервуарлар, насостук станциялар, суу басым мунаралары, кудуктар, камералар, суу ченөө түйүндөрү, суу ажыратуу колонкалары, өрт өчүрүү гидранттары, запордук арматура ж.б.) кышкы шарттарда эксплуатациялоо үчүн даярдоого тийиш.
- Суу өлчөгүчтөрдү орнотуу, сатылып жаткан сууну эсепке алуу жана суу менен камсыз кылуу кызматтарына эсептешүү
5.1 Абоненттердин арыздары боюнча МИ абонент сатып алган сууну эсепке алуу шаймандарын орнотот (акылуу кызматтар катары).
5.2 Суу өлчөгүч суунун максималдык сааттык жана суткалык чыгаша өткөрүүсүнө ылайык келүүгө тийиш.
5.3 Суу өлчөгүчтү оңдоодон кийин, аны орнотуунун алдында жана эки жылда бир жолу абонент шайманды текшерүүгө берет. Текшерүүдөн өтпөгөн суу өлчөгүчтөрдү орнотууга мүмкүндүк берилбейт.
5.4 Абонент суу өлчөгүчтүн ишине жана сакталышына, пломбалардын болушуна жана бардык бирикмелердин бүтүндүгүнө жоопкерчилик тартат. Эсепке алуу шайманынын иштен чыгышында абонент МИ билдирүүгө тийиш.
5.5 Айына бир жолу (ар бир айдын 10 числосунда) абонент суу өлчөгүчтүн көрсөтмөлөрүн алат жана төлөмдү эсептөө үчүн аны МИ берет.
5.6 МИ өкүлдөрү бекитилген графикке ылайык суу өлчөгүчтөрдүн ишин жана абонеттер берген көрсөткүчтөрдүн ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча контролдук рейддерди жүргүзөт.
Абоненттин суу өлчөгүчтүн көрсөтчүтөрүн алуу жана сууну пайдалануу үчүн актыга кол коюудан баш тартуусунда бул иш Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.
5.7 Алынган суу үчүн эсеп-чотторду берүүгө негиз болуп МИ жана абонент ортосунда төлөөгө (эсепке алуу шаймандары жок абоненттер үчүн) эсептөөлөрдү тиркөө менен түзүлгөн келишим жана абонент берген эсептик мезгил үчүн суу өлчөгүчтөрдүн көрсөтмөлөрү саналат.
5.8 Берилүүчү сууга тарифтер Айылдык кеңеш тарабынан бекитилет, андан кийин монополияга каршы органдын аймактык бөлүмү менен макулдашылат.
5.9 Суу өлчөгүч оң эмес абалда болгон учурда (жоктугунда) айдын ичинде чыгымдалган суунун көлөмү өткөн акыркы уч айлык колдонулган коломдун орточо эсеби колдонулуп толонот.
5.10 Короо жанындагы тилкелерди сугарууга ичүүчү сууну пайдаланууда (МИ уруксаты боюнча) 1 м3 суу үчүн акы Айылдык кеңеш бекиткен тариф боюнча алынат.
5.11 Абонентке орнотулган суу эсептегичтер бузулган учурда (кепилдик мооноту буткондон кийин) абоненттин эсебинен ондолот же жаны сатып алынып орнотулат.
- Ичүүчү сууну рационалдуу пайдалануу талаптары
6.1 Абоненттер суу түтүк тутумунун долбоору менен каралган максаттарда, келишимге тиркелген тийиштүү эсептөөлөргө ылайык көлөмдө сууну пайдаланууга милдеттүү.
6.2 МИ ичүүчү сууну максаттуу пайдаланууну ишке ашырат, суу алгыч жерлердин айланасында саздын пайда болушуна жана муздун пайда болуусуна жол бербейт.
6.3 Айылды суу менен камсыз кылуу тутумдарынан ичүүчү сууну керектеген жарандар, ишканалар жана башка керектөөчүлөр төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– сууну пайдалануунун бекитилген эрежелерин, сууну керектөөнүн ченемдерин жана режимдерин сактоого;
– ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга, аларга таандык ички тармактарда аныкталган бузулууларды өз убагында четтетүүгө, зарыл учурда бузулган участокторду өчүрүп салууга. Суу түтүк тармактарында агып кетүү учурлары жана суу түтүк курулмаларынын бузулушунун учурлары жөнүндө МИга өз убагында кабарлоого.
VII. Ичүүчү сууну берүүнү кыскартуу жана токтотуунун шарттары жана тартиби
7.1 МИ абоненттерге ичүүчү сууну берүүнү кыскартууга же токтотууга өзгөчө учурларда гана укуктуу: табигый кырсык, водовддо узак мөөнөттү авария же башка мажбур кылуучу кырдаалдар.
Сууну токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
– суу түтүгүнөн суу алуудан абонент баш тартканда;
– абонент жоюлганда;
– айылды суу менен камсыз кылуу борбордук тутумдарына жана ажыратуу тармактарына өз билемдик менен кошулуп алууда.
– суу түтүгүнүн инженердик тарамдарынын жана курулмаларынын бүтүндүгүн бузган учурда
– жашыл бак-дарактарды ичүүчү суу менен сугаруу фактысы катталса
7.2 МИ суу түтүк курулмаларында кокустан болгон аварияда кабарлоосуз сууну берүүнү токтотот жана бул тууралуу абонентке кабарлайт.
7.3 МИ көрсөтүлгөн жумуштардын башталышына чейин 5 сутка мурун абонетке кабарлоо менен оңдоо-алдын-алуу жана пландык-эскертүү иштерин жүргүзүүдө сууну берүүнү токтотот.
7.4 МИ төмөндөгү учурларда эскертүүсүз абонентке сууну берүүнү убактылуу токтото алат:
– өрт чыккан жерге сууну берүүнү көбөйтүү зарылдыгында;
– энергия менен камсыздоо токтотулганда, сууну берүүгө келишимди түзүүдө абоненттин баш тартуусунда, өткөн мезгил үчүн алынган сууга абоненттин төлөөдөн негизсиз баш тартуусунда.
VIII. МИ ЖАНА АБОНЕНТТЕРДИН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИ
8.1 МИ VII бөлүктө саналып өткөн себептер боюнча сууну берүүдө үзгүлтүктөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.
8.2 Насостук станциялардын жетишсиз кубаттуулугунда же суу түтүк тармагынын өткөрүү мүмкүндүгүнөн суунун жетишсиздигинде МИ Айыл өкмөтү менен макулдашуу боюнча аларды сууну берүү режими жөнүндө милдеттүү кабарлоо менен белгиленген графиктер боюнча айрым керектөөчүлөргө сууну берүүнү уюштурууга укуктуу.
8.3 МИ өкүлдөрү абонентин ички чарбалык ажыратуу тармактарында бардык суу түтүк курулмаларын кароого укуктуу.
8.4 МИ сууну жоготууларды кыскартуу, агып кетүүлөрдү жана сууну абоненттердин рационалдуу эмес пайдалануусун аныктоо боюнча пландуу иш алып барат.
8.5 Ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча келишимдерди түзүү, бузуу, анын шарттарын өзгөртүү, ошондой эле аларды аткаруу боюнча талаштар сот тартибинде чечилет.
8.6 Абоненттер төмөндөгүлөргө милдеттүү:
– эсепке алуу шаймандарында МИ орноткон пломбалардын сактыгына көз салууга;
– абоненттин аймагында жайгашкан суу түтүк тармактары жана курулмаларынын үстүндө кошуп курууларга жол бербөөгө;
– суу түтүк тармактарында жана курулмаларында аныкталган бузулуулар жана оң эместиктер тууралуу МИ билдирүүгө;
– МИ алдында келишимдик милдеттенмелерди аткарууга, сууну эсепке алуу шаймандарынын көрсөткүчтөрүн өз убагында алууга жана берүүгө, төлөм документтерин бекитилген мөөнөттөрдө төлөөгө;
– суу ченөө түйүндөрүндө иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүгө башка адамдарга мүмкүндүк бербөөгө.
- Суу түтүк жабдууларынын болушун, тургундардын жана малдын санын, абоненттин аянтынын көлөмүн салыштырып текшерүүнү жүргүзүүгө.
Сууну эсепке алуу (суу өлчөгүч, эсептегич) приборунун паспорту
Суу өлчөгүчтүн (эсептегичтин) модели_________________________________________________________
Суу өлчөгүчтүн (эсептегичтин) сериялык номуру ___________________________________________________________
___________________________________________________________
___________________________________________________________
Үй чарбасынын маалыматтары
Адамдардын саны___________________________________________
Малдын саны_______________________________________________
___________________________________________________________
Тилкенин (чарбактын) аянты ___________________________________________________________
Молдо-Нияз айылдык кеңешинин «___»._________ 202__-жылдагы №________ токтому менен бекитилген
Молдо-Нияз айылдык кеңешинин «___»._________ 202__-жылдагы №________ токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси
1201-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу
- Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чара көрбөө, –
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
- Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдүн жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген бузуу, -6-категориядагы айып пул салууга алып келет.
118-берене. Суудагы иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу
Сууда суучулдук жана башка иштерди жүргүзүү эрежелерин бузуу –
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
180-берене. Сугат суу менен камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаны пайдаланууну жана күтүүнү бузуу
Айыл чарба багытындагы калктуу конуштардын ичиндеги жерлерди жана башка жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн белгилүү ирригациялык системаны пайдалануу жана күтүү эрежелерин бузуу –
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
269-берене. Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу жана пайдалануу тартибин бузуу
Өлчөө техникасынын каражаттарын өндүрүү, оңдоо, сатуу, жүгүртүү, текшерүү, калибрлештирүү же метрологиялык аттестациялоо, мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жайылтылган чөйрөлөрдө өлчөөлөрдү же алардын натыйжаларын пайдалануу шарттарын аткаруу эрежелерин бузуу –
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/63
токтомуна тиркеме № 5
“Молдо-Нияз” Муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин абоненттерге кызмат көрсөтүү акылары
| № | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү |
| 1 | Ичүүчү таза суу түтүгүно жаны кошула турган абоненттерди туташтыруу
|
7000 | Бул сумма “Молдо-Нияз” МИге взнос катары эсептелинет жана абонентке: Абоненттик китепче (эрежелери менен), келишим, техникалык шарт, ситуациялык чийме берилет. |
| 2 | Суу эсептегич | 100% | Негизги ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудукчаларга суу эсептгич орнотуу – суу эсептегичтин 100% суммасы абонент тарабынан төлөнөт жана “Молдо-Нияз” МИнин макулдашуусу менен сатып алынат. |
| 3 | Негизги ичүүчү таза суу системасына кошулуу учун, абоненттин үйүнүн ичинен тартып – ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудуктун ичине чейинки казуу, көмүү иштери жана ичүүчү таза суу түтүктөрү | 100% | Абоненттин өз каражатынан төлөнөт жана “Молдо-Нияз” МИнин кызматкерлеринин көзөмөлү алдында ишке ашырылат. |
| 4 | -Вентил алмаштыруу;
– Гусак орнотуп берүү; -Муфта переходник алмаштыруу; Абоненттин трубасын алмаштырып берүү; |
250
150 100
1 м -700 |
Кетүүчү тетиктерди, каражаттарды абонент өз эсебинен жүргүзөт. Кызматты негизги ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудуктардан тышкаркы учурда “Молдо-Нияз” МИнин кызматкерлери же башка сантехниктер аткарууга болот, бирок ишкананын көзөмөлүндө (абонентин өз ыктыяры), казып көмүү иштерин абонент өзү жүргүзөт (түтүктүн алдына 10 см, устуно 20 см жумшак топурак алып келип төшөөнү ишкана алып барат) |
| 5 | Кудук ичиндеги суу эсептегич, вентиль, фильтр жана башка каражаттарды алмаштыруу (бир чакыруусу) | 200
|
Кетүүчү тетиктерди, каражаттарды абоненттин эсебинен алынат жана кудук ичиндеги жумуштарды “Молдо-Нияз” МИнин кызматкерлери тарабынан алмаштырылат. |
Молдо Нияз айылдык кенешинин
VIII-чакырылышынын кезекcиз
8- сессиясынын № № 01-07/63
токтомуна тиркеме № 6
«Молдо-Нияз» муниципалдык ишканасынын абоненттери ичүүчү таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар
| № | Бузуулардын аталышы | Жеке адам | Юридикалык жак | Эскертүү |
| 1 | Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүнө уруксатсыз туташуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 1201-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу |
| 2 | Суу алгычка (Скважинага), суу сактагычка (резервуарга) уруксатсыз туташуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу |
| 3 | Суу алгычтын (Скважинанын ж.б.), суу сактагычтын (Резервуар) бүтүндүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
| 4 | «Молдо-Нияз» МИнин кызматкерлери болбогон учурда суу алгычта (скважинада), суу сактагычта (резервуарда) ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
| 5 | Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ичүүчү таза сууну өчүрүү | 500 сом | 1000 сом | 1 жолу |
| 6 | Карызды төлөгөндөн кийин ичүүчү сууну туташтыруу | 200 сом | 400 сом | 1 жолу |
| 7 | Кудуктун бүтүндүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Кудукту калыбына келтирет |
| 8 | Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Толук калыбына келтирүү, жумуштарды толук төлөө |
| 9 | Суу алуучу (скважина) жана суу сактоочу кампалардын (резервуардын) аймагына мал жаю (шарттуу 1 малдын башы менен) | 75 эсептик көрсөткүч | 230 эсептик көрсөткүч | 269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу |
| 10 | Кудукту сугат суу менен каптатуу | 75 эсептик көрсөткүч | 230 эсептик көрсөткүч | 269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу. Толук калыбына келтирет |
| 11 | Абонентин күнөөсү менен счетчиктерди тоңдүруу жана иштен чыгаруу, шарттуу ар бир суу эсептегичке | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Кудуктун ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
| 12 | Кудукка уруксатсыз тушуу, ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү | 55 эсептелген көрсөткүч | 170 эсептелген көрсөткүч | 118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу. Кудуктун ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |

